Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:24

Ирандын президенти хижаб тууралуу мыйзамды күчүнө киргизүүнү буйруду


Ирандык кыз-келиндер
Ирандык кыз-келиндер

Ирандын президенти Ибрагим Раиси хижаб тууралуу мыйзамды күчүнө киргизүүнү тапшырды. Ага ылайык, аялдардын кийинүү эрежелери дагы чектелет.

Мындан улам «Меллат» банкы аял кызматкерлерине бийик такалуу бут кийимдерди кийүүгө тыюу салды. Ошондой эле жоолукту бир гана чачын эмес, мойнун жана ийиндерин жаап жүргүдөй кылып салынышы керек.

Ал эми Мешхед шаарынын прокуратурасы мэрияга кайрылып, «хижабды туура эмес салынгандарга» метрого түшүүгө тыюу салууну өтүндү. Мэр бул үчүн соттун чечими керек экенин билдирген.

Бийликтин басымына каршылыгын билдирип, социалдык тармактарда активисттер аялдарды 12-июлда көчөлөргө жоолуксуз чыгууга чакырып жатышат.

Иранда 1979-жылкы Ислам революциясынын кийин тогуз жаштан жогору кыз-келиндер коомдук жайларда жоолук салып жүрүүгө милдеттендирилген. Анткен менен ирандык аялдар көп жылдар бул эрежеге баш ийбей, көбү жоолукту жөн гана башына илип койчу.

XS
SM
MD
LG