Жапон медиасы экс-премьер-министр Синдзо Абэ каза болгонун жазды

Кол салуудан кийин кулап калган Жапониянын мурдагы премьер-министри Синдзо Абэ.

Жапониянын мурдагы премьер-министри Синдзо Абэ көз жумду. Бул тууралуу жапониялык басылмалар жазууда.

Синдзо Абэ Нара шаарында парламенттин жогорку палатасына шайлоо өнөктүгү алкагында эл алдында сүйлөп жаткан учурда белгисиз адам далысына эки жолу ок аткан. Абэ ооруканага жеткирилгенден кийин «жүрөк-өпкө системасы токтоп калганы» кабарланган.

Кол салууга шектелген 41 жаштагы Ямагами Тецуя окуя болгон жерде кармалды. Ал полицияга каршылык көрсөткөн эмес.

Өкмөт кол салууга байланыштуу кризистик штаб түздү. Премьер-министр Фумио Кисида шайлоо өнөктүгүнө байланыштуу иш сапарын токтотуп, кабинет мүчөлөрүн Токиого чогултту.

67 жаштагы Абэ премьер-министрликтен 2020-жылы ден соолугуна байланыштуу себептен улам кеткен. Ал жапон өкмөтүн 2006-2007 жана 2012-2020-жылдары башкарып, бул кызматта эң узак турган саясатчы катары белгилүү.

Абэ Нара шаарында өзү мурда жетектеген Либералдык-демократиялык партияны колдоп сүйлөп жаткан.

Ал 2015-жылы жубайы менен Кыргызстанга расмий сапар менен келип кеткен.

Дагы караңыз

Кыргызстандын элчиси Жапониянын мурдагы өкмөт башчысына кол салууну айыптады  Зордуктоого кабылган кызга жардам чогултула баштадыМирзиёев: Каракалпакстандагы башаламандыкты четтеги күчтөр даярдашканНарында жер талаштан улам ок атылып, алты адам жараат алды