Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:46

Мирзиёев: Каракалпакстандагы башаламандыкты четтеги күчтөр даярдашкан


Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев. 3-июль, 2022-жыл.
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев. 3-июль, 2022-жыл.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Каракалпакстандагы 1-2-июлда болгон тополоңду «бир канча жылдан бери чет жактагы кыянатчыл күчтөр» даярдаганын билдирди. Бирок ал кайсы бир мамлекетти атаган жок. Президент мындагы максат «Өзбекстандын аймактык бүтүндүгүнө кол салып, этностор аралык жаңжалды тутандыруу» болгонун кошумчалады.

Буга чейин Евробиримдик, АКШ, Улуттар Уюму жана башка бир катар эл аралык уюмдар Ташкентти Каракалпакстандагы окуяларды бейтарап жана тыкыр иликтөөгө чакырган. Мирзиёев иликтөөгө коомдун өкүлдөрү, депутаттар жана активисттер тартыларын убада кылды.

Расмий маалыматта айтылгандай, Каракалпакстан автономдуу жумуриятынын борбору Нукуста демонстранттар менен күч түзүмдөрү кагылышканда 18 киши каза тапты, 243 киши, арасында 38 тартип коргоочу жарадар болду. 516 киши кармалган, кийин бир нечесин кое беришкен. Бейрасмий маалыматтарга караганда, жараат алгандардын саны миңден көп.

Өзбекстандын Башкы прокуратурасы Нукустагы тополоңго байланыштуу кылмыш иши козголгонун билдирген.

Нааразылык конституциялык өзгөртүүлөргө каршы тутанган. Жаңы сунушталган долбоордо Каракалпакстандын Өзбекстандын курамындагы "суверендүү республика" деген макамы алынган эле.

Тополоңдон кийин өзбек парламенти Конституциянын жаңы долбоорунда Каракалпакстандын суверендүү макамын өзгөртүүсүз калтырууну колдоду.
Бийлик нааразылык акцияларын күч менен басып, кошумча аскерлер киргизилген. Аймакта августтун башына чейин өзгөчө абал жарыяланды.

XS
SM
MD
LG