Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык Тогуз-Торо райондук сотунун судьясы Бообек Турсункулов убактылуу кызмат ордунан четтетилди. Бул тууралуу маалымат президенттин сайтына жазылды.
Анда Судьялар кеңеши Башкы прокурордун судьяны кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуу өтүнүчүнө макул болгондугуна байланыштуу жарлык чыгарылганы маалымдалат.
Буга чейин апрель айында атайын кызмат Турсункулов пара алууга шектелип кармалганы кабарлаган. Маалыматка караганда, судья айдоо жерлерин бөлүштүрүү боюнча каралып жаткан жарандык иш боюнча оң чечим чыгаруу үчүн сот отурумунун катчысы аркылуу он миң сом алганы аныкталган. Жалпысынан 25 миң сом пара талап кылган. (TSh)
Дагы караңыз
“Манас” аэропортунун жетекчиси алмаштыСултанбаев: президент балдарга карата зомбулукту кескин сындайтМилиция тышкы карызга байланышкан иш боюнча билдирүү тараттыМинистрлер кабинети тышкы карызды башкаруунун жаңы стратегиясын бекитти