Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:46

Султанбаев: президент балдарга карата зомбулукту кескин сындайт


Эрбол Султанбаев.
Эрбол Султанбаев.

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Фейсбуктагы баракчасында 13 жашар кыздын зордукталышы боюнча пикирин жазып, мамлекет башчы Садыр Жапаров балдарга карата зомбулукту кескин сындай турганын билдирди.

"Президент Жапаров мындай терс көрүнүштөрдү, айрыкча балдарга карата мындай мамилени кескин сындайт. Мамлекет жашы жете электерге, балдарга карата зомбулукка жол бербөө багытында өз тарабынан бардык аракеттерди мындан ары да көрөт", - деп жазды Султанбаев.

Ал сот акыйкат жаза береринен ишенерин жана "кылмыш жасаган акмактардын аракети эч кандай актоого жатпайт" деп жазды.

2-июлда “Азаттык” милиция кызматкерлери секелекти зордуктоого шек саналып жатканы жөнүндө "Кызымды колдон колго өткөрүшкөн" деген макала жарыялаган. Анда Бишкектин Свердлов райондук сотунда 13 жаштагы кызды зордуктоого айыпталган эки милиционердин жана мурда соттолгон бир адамдын үстүнөн териштирүү жүрүп жатканы, ушул эле иш боюнча Биринчи Май райондук милициясы да бир кишинин ишин тергеп жатканы баяндалган. Кыздын ата-энеси айыптуулар жоопкерчиликтен кутулуп кетпейби деп кооптонууда.

Иш боюнча алгачкы сот отуруму Свердлов райондук сотунда 14-июнда болуп, жабыркаган тараптын өкүлдөрү суралгандан бери отурум үч жолу башка күнгө жылдырылып келе жатат. Кезектеги отурум 8-июлга белгиленди.

Бул окуя коомчулукта кызуу талкууланып, милиция органдарына сын-пикирди күчөттү. (TSh)

XS
SM
MD
LG