Кыргызстандык футболчу кыздар CAFA Women’s Championship мелдешине катышат

Кыргызстандын футбол боюнча кыз-келиндер курама командасы Эл аралык CAFA Women’s Championship мелдешине катышат. Бул тууралуу Кыргызстандын футбол уюму билдирди.

Мелдеш 8-20-июль күндөрү Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында өтөт. Ага Кыргызстандын, Тажикстандын, Ирандын, Өзбекстандын жана Түркмөнстандын курама командалары катышат.

Команданын башкы машыктыруучусу Нематжан Закиров 7-июлда журналисттердин суроолоруна жооп берип, шакирттеринин даярдыгы тууралуу буларга токтолду.

"Бул турнирге кубануу менен катышабыз жана чоң тажрыйба топтойбуз деп ишенем. Команда жаш болгонуна карабай, спортчуларыбыздын психологиялык даярдыгы жогорку деңгээлде. Атаандаштар менен көптөн бери оюн талаасынан жолуга элекбиз, мелдеш кайсы команда кандай даярданганын көрсөтөт. Менимче, бардык курама командалар жакшы оюн көрсөтүшөт деп ойлойм. Баарына ийгилик каалайм", - деди Нематжан Закиров.

CAFA Women’s Championship мелдешинде Кыргызстандын футбол боюнча кыз-келиндер курама командасы 8-июлда Ирандын курама командасы менен беттешет. (GT)

Дагы караңыз

"Азаттык Медиа" мекемесинин жетекчиси милицияга кайрадан суракка чакырылды Кыргызстанда COVID-19га байланыштуу азырынча чектөө киргизилбейтТокаев мунай ташуунун Орусияны кыйгап өткөн жолдорун өнүктүрүүнү тапшырдыОрусия Украинага кол салгандан бери дүйнөдө 71 миллиондой киши жакырчылыкка баттыБилим берүү министрлиги УКМКнын жемкорлук боюнча маалыматына жооп бердиМедиа: Борис Жонсон кызматтан кетүүгө макул болду