Британ маалымат каражаттары кабарлагандай, премьер-министр Борис Жонсон Консервативдүү партиянын төрагалыгынан кетүүгө даяр. Өкмөт башчы 7-июлда түштөн кийин кайрылуу жасайт. Ал акыркыга чейин кызматынан чегинүүгө макул болбой келген.
Бир аптага жетпеген убакытта кабинеттин элүүдөн ашуун мүчөсү жана жогорку аткаминерлер Жонсон менен иштөөдөн баш тартып, кызматынан кеткен. Премьер 5-июлда дайындаган финансы министри Надхим Захави бейшембиде Жонсонду отставкага кетүүгө чакырды. Ушул эле күнү шейшембиде дайындалган билим берүү министри Мишель Доунлан кызматтан баш тартты.
Би-Би-Си жана The Sun Жонсон консерваторлор партиясынын жаңы жетекчиси шайлангыча премьердин кызматын аткара берерин жазышты. Партиянын курултайы күзгө белгиленген.
Премьерге нааразылык бир нече жаңжалга байланыштуу күчөгөн. Кабинеттин мүчөсү эки эркек кишиге асылганы ачыкка чыккандан кийин Жонсонго буга чейин да ушундай жорукка барган адамды жогорку кызматка дайындаган деген доомат артышкан. Андан тышкары өкмөт башчы өзү коронавирус күчөп турган маалда карантин эрежелерин бузуп резиденцияда отуруш өткөргөн деп айыпталган.
Дагы караңыз
"Клооп" басылмасынын редактору милицияга суракка чакырылдыОрусия Украинага кол салгандан бери дүйнөдө 71 миллиондой киши жакырчылыкка баттыКоммерциялык банктардын доллардан алган комиссиясы боюнча маалымат берилди Садыр Жапаров саламаттыгы боюнча пландык кароодон өттү