COVID-19: Бишкек мэриясы шаарда абал туруктуу экенин билдирди

Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте коронавирус боюнча эпидемиологиялык абал туруктуу. Бул тууралуу бүгүн 7-июлда “Азаттык” радиосуна борбор калаанын социалдык маселелер боюнча вице-мэри Виктория Мозгачева билдирди.

Анын айтымында, COVID-19 диагнозу коюлгандар соңку эки аптадан бери кайра каттала баштады, алардын көбү амбулатордук негизде дарыланууда:

“Эң көп дегени бир күндө 38 адам катталды. Негизинен аларда оору жеңил эле өтүп кетүүдө. Дарыгерлер даяр. Дары-дармек жетиштүү”.

COVID-19 эпидемиясы Кыргызстанда 2020-жылдын мартында башталып, 2022-жылдын май айында оору дээрлик катталбай калган. Бул инфекция 200 миңден ашуун кыргызстандыкка жукту, алардын 3 миңге чукулу көз жумду. Ооруну жугузуп алгандар жана каза болгондор Бишкекте эң көп катталган. (RK)

Дагы караңыз

Дүйнөлүк рынокто мунайдын баасы арзандадыҮмүт конушунда талашка түшкөн үлүш жерБолот Темировдун милицияга иш козгоо тууралуу арызы сотто колдоо тапкан жок Жетим-Тоо, Сандык, Куттуу-Сай: кендерди ачуунун келечеги