Өкмөт мамлекеттик-жекелик өнөктөштүктүн негизинде Кыргызстандагы эң ири кендерге инвесторлорду тартып, ишке киргизүүгө кызыкдар экенин жарыялады.
Өкмөт кен казууга батыл киришүү демилгесин дүйнөлүк рынокто металлга жана сейрек кездешүүчү элементтерге суроо-талаптын жогору болуп жатканы, ошондуктан өлкөнүн тышкы карызын төлөп, экономиканы көтөрүү зарылдыгы менен түшүндүрдү.
Нарындагы Жетим-Тоо темир кенин, Жумгалдагы Сандык алюминий кенин, Таластагы Бала-Чычкан жез-алтын кенин жана Кеминдеги Куттуу-Сай-II сейрек кездешүүчү металлдар кенин иштетүү үчүн ири инвесторлор ачык сынактарга катышууга чакырылары айтылды.
Геоэкологиялык коопсуздук боюнча окумуштуулар кен казуу иштеринде түбөлүк муздарды, мөңгүлөрдү, тоо тектерин жана жашыл экосистеманы сактоо чаралары көрүлбөсө, кесепеттери оор болорун эскертишти.
Нарынды өндүрүштүк-энергетикалык гигантка айлантуу планы
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Нарын облусунун жаңы дайындалган жетекчисин жамаатка тааныштыруу учурунда жумушсуздуктан улан-кыздардын өлкөдөн чыгып кетип жатышын токтотуп, тез арада улуттук экономиканы көтөрүү үчүн экологияны бузбай, жаратылыш байлыгын акыл-эс менен иштетүүгө убакыт келгенин билдирди.
Акылбек Жапаров көмүр сыяктуу энергетикалык ресурстарга жана металлга дүйнөлүк баа өсүп, суроо-талап күчөп жатканда облус аймагындагы негизги кендерди ачуу абзел экенин айтты:
"Нарын кенге бай аймак, бүгүнкү күндө иштеп жаткан Кара-Кече кенинде көмүрдүн 850 млн. тонна кору бар. Изилдене элек кору 1,5 млрд. тоннадан ашуун. Бирок азыркы күнгө чейин Кыргызстан СССРдин курамында турганда изилденген геологиялык чалгын маалыматтары боюнча эле турат. Мындан сырткары Жетим-Тоо, Сандык кендери да турат. Ошондой эле бул өрөөнгө 32 ГЭС курса болот. Нарынды өндүрүштүк-энергетикалык аймакка айлантуу боюнча мурдагы жетекчинин демилгелерин жаңы дайындалган жетекчи ишке ашырат деген ишеничтемин".
Жетим-Тоо менен Сандыктын салмагы: ири инвестициялык долбоорлор
Нарын облусунун Нарын районундагы Жетим-Тоо кыркаларындагы темир кени советтик геологдордун чалгындоосунун натыйжасында 1956-жылы ачылган.
Бирок ошол кездеги геологиялык эски чалгындоо технологиясынын чама-чаркына карап, бул темир кени үстүртөн изилденгени кийин белгилүү болгон. Алгачкы изилдөөлөр боюнча анда С2 категориясындагы темир рудасынын 3,5 млрд. тонна (1,74 млрд. тоннасы темир) кору аныкталган.
Кийин, 1980-жылдарда геологиялык изилдөөлөр кенде таза темирдин көлөмү 10 млрд. тоннага барабар экенин изилдеп чыгып, болжолдогон.
Президенттин алдындагы Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жетекчиси Равшан Сабиров металлга жана сейрек кездешүүчү элементтерге суроо-талап дүйнөдө өскөнүн айтып, бул жагдайда Жетим-Тоо менен Куттуу-Сай кендерин иштетүүгө кызыкдар ири инвесторлордон сунуштар күтүлүп жатканын билдирди:
"Азыркы маалдагы эл аралык абалга жараша металлдарга жана сейрек кездешчү минералдарга дүйнөлүк баа кескин өстү. Ачык айтыш керек, бул тармакка кызыккан инвесторлор абдан көп. Эгерде Жетим-Тоо кени боюнча репутациясы таза, аброю жакшы, укмуштуудай чоң, дүйнөлүк деңгээлдеги миллиардер компаниялар келип туруп, "мына ошол жерге завод-фабрика курабыз" дей турган болсо, биз алардын инвестициялык сунуштарын карап көргөнгө даярбыз. Ал эми Куттуу-Сай-II сейрек металлдар кенин иштетүүгө "Камал-Ойл" деген компания лицензия алган. Ал "Армекс Групп" деген компания менен бирге сынакка катышып, 320 балл менен андан утуп чыккан. Бирок бул компаниялар эми инвесторлор менен сүйлөшүп, өздөрү алып келиши керек. Бизге ошондой күчтүү инвесторлор чыга турган болсо, анда биз аларды байланыштырганга даярбыз".
Быйыл 15-февралдагы маалымат жыйынында өкмөт башчысы Акылбек Жапаров Жетим-Тоодогу кендин корун аныктоо үчүн геологиялык чалгындоо иштери жүрүп жатканына токтолгон.
Ал Нарындагы Жетим-Тоо жана Таластагы Бала-Чычкан темир-жез кендерин мамлекет өзү иштете турганын билдирген. Бала-Чычкан темир кени Талас районунда, Талас тоо кыркасынын этегинде, Бала-Чычкан суусунун сол капталында, деңиз деңгээлинен 2000–3000 метр бийиктикте жайгашкан. Бул алтын-жез жана темир кени 1967-жылы ачылган.
Тоо-кендерин иштетүүнү башкарган "Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдингинин жетекчиси Теңгиз Бөлтүрүк Жетим-Тоону иштетүүгө эле кеминде 2 млрд. доллар чыгымдаларын мисал келтирген.
Батыш менен Чыгышты кызыктырган Куттуу-Сай
Теңгиз Бөлтүрүк Кумтөрдөн түшкөн акчанын эсебинен Таластагы алтын-жез-темир аралашма кенин жана чет элдик инвестордун каражаты менен Кеминдеги сейрек металлдар кенин иштетүүгө артыкчылык берилерин 29-июнда парламентте билдирди:
"Азыр мына ошол тоо-кен тармагы боюнча артыкчылыктуу долбоорлордун ичинен Таластагы эки алтын жана жез-темир кен долбоорун атасак болот. Бул эки кенди 12 чакырым аралык бөлүп турат. Мына ошол эки кендин ортосуна фабрика куруп, иштетели деп жатабыз. Бул долбоор 2,5 жыл ичинде ишке кирет. Мындан тышкары Куттуу-Сай сейрек кездешкен металлдар кенин иштетүү үчүн ар кайсы өлкөлөрдөн инвесторлор сунуш менен келип жатат. Айрыкча Жапониядан келген инвестор чоң инвестиция салууну сунуштады. Бул долбоорду дагы 2,5 жыл ичинде ишке киргизели деп жатабыз".
Канадалык Stans Energy компаниясы 2009-жылы Чүй облусунун Кемин районундагы Куттуу-Сай-II жана Кале-Сай сейрек кездешүүчү металлдар кенин иштетүү укугун алган.
2011-жылы Мамлекеттик геология агенттиги анын лицензиясынын мөөнөтүн узартып берген. Кийин бул үчүн агенттиктин жетекчиси Учкунбек Ташбаевге кылмыш иши козголуп, соттолгон. 2013-жылы канадалык Stans Energy компаниясынын аткаруучу директору Роберт Маккей Кыргызстандагы Куттуу-Сай кенин иштетүү укугун тартып алууга Кытай кызыкдар болуп жатканын жарыялап чыккан.
Анткени жогорку технологиялар боюнча Кытай менен Батыштын атаандаштыгы буга себеп болгону белгиленген. Андыктан ага колдонулуучу сейрек кездешүүчү металлдар рыногуна толук үстөмдүктү колго алуу үчүн Бээжин Кыргызстанда аларга тоскоолдук жаратып жатканы айтылган.
Роберт Маккей Батыш медиасына круган маегинде мунун артында Кытайдын “Хунбо Баотоу” (Hongbo Baotou) компаниясы жана аларга лоббистик кызмат көрсөткөн кыргыз саясатчылары бар экенин белгилеген.
"Кыргызстанда биз биринен сала экинчи проблемага кабылдык. Чабуулдар Кыргызстандын соттору биздин пайдабызга бир эмес, бир нече жолу чечим чыгаргандан кийин да эмне үчүн токтобогонун биз эми түшүнүп жатабыз. Мындан сырткары кээ бир саясатчылардын негизсиз айыптоолорунун жүйөсүн да биз эми аңдап-билүүдөбүз. Бул аракеттер сейрек кездешүүчү оор элементтердин Куттуу-Сай-II өңдүү технологиялык процесси белгилүү кенди өздөштүрүүнүн жана ага ээлик кылуунун стратегиялык маанисин далилдеди. Бул сейрек кездешүүчү элементтерди Кытайдын тармактагы үстөмдүгүнөн кутулууга умтулган Батыш компанияларына коопсуз жана үзгүлтүксүз жеткирүүнүн маанисин көргөзүп жатканын баса белгилеп кетким келет".
2012-жылы Жогорку Кеңештин “Ар-намыс” фракциясы Куттуу-Сай-II кенин иштетүү үчүн 2009-жылы берилген лицензияны алуу демилгесин көтөргөн. Анын негизинде Башкы прокуратура “Стэнс Энержи” компаниясына лицензия тендерсиз берилип кеткен деген доо менен сотко кайрылып, сот анын талабын канааттандырган.
Буга байланыштуу Stans Energy компаниясы кыргыз өкмөтүн 118 миллион доллар айыпка жыгуу үчүн Эл аралык Арбитражга кайрылган. Ал 2014-жылы Кыргызстандын "Центеррадагы" акциясынын 60% камакка алууга жетишкен. Бирок кийин соттук талаш жөнгө салынып, Арбиртаждык сот кыргыз өкмөтүн доонун 19 млн. долларын өндүрүүгө милдеттендирип, калганынан баш тарткан чечим кабыл алган. “Стэнс Энержи” компаниясы Куттуу-Сай кенин иштетүү үчүн Кытай өкмөтү сейрек кездешчү металлдар экспортуна чектөө киргизген 2009-жылы келген.
Окумуштуу Исакбек Торгоев азыр да буга суроо-талап жогору экенин айтты:
"Бүгүнкү күндө сейрек кездешкен металлдар электромобилдерди, компьютерлерди, смартфондорду жана башка гаджеттерди, жасалма интеллектке байланыштуу жогорку технология менен колдонула турган түзмөктөрдүн негизги өзөгүн түзөт. Дүйнөлүк рынокто таңкыстык аябагандай чоң. Ошондуктан сейрек кездешкен металлдар кенин изилдөөгө, иштеп чыгууга жана сатууга инвесторлор тарабынан суроо-талап бир топ жогору экенин белгилесек болот".
Металл өндүрүү жана керектөөнүн дүйнөлүк көлөмү
Дүйнөлүк рынокто түстүү жана кара металл өндүрүшүндө чоң үлүшү бар Орусияга карата эл аралык санкцияларга байланыштуу бул тармактагы ири "оюнчулар" буга чейин ачыла элек ири кендерди изилдеп, аларга инвестиция салууга кызыкчылыгы күчөгөнү эл аралык басма сөздө да баяндала баштады.
Түстүү металл жана темир рудасын казуу боюнча Орусия дүйнөдө бешинчи орунда турат.
Анын алдыңкы сабында Австралия, Бразилия,Кытай жана Индия жайгашкан. Ал эми алюминий өндүрүшүндө Кытай, Орусия, Канада, Индия жана Австралия алдыңкы бештикти баштайт. Соңку мезгилде алюминий керектөөнүн деңгээли дүйнөдө жогорку көрсөткүчкө чыгып, 2017-жылы анын жылдык өлчөмү 63,8 млн. тоннага жеткен.
Алюминий керектөөнүн эң жогорку көрсөткүчү автомобил өнөр жайы жана электроника тармагы өнүккөн Жапония, Германия, АКШ, Түштүк Корея жана Швеция сыяктуу өлкөлөргө туура келет. Түстүү металлдардын Лондон биржасында 2017-жылы 21-мартта анын бир тоннасы 2050 доллар болсо, быйыл 2022-жылы 4-мартта эң жогорку чекке - 3849 долларга чыкты.
Ал эми 1958-жылы табылган Жумгалдагы Сандык кенинде советтик геологдордун эсеби боюнча 50 миллион тоннадай алюминийдин кору бар экени изилденген. Автомобилден баштап, энергетиалык, космостук жана авиациялык электроникага чейин колдонулган алюминийдин дүйнөлүк баасы боюнча анын болжолдуу наркы 2 млрд. долларга бааланган.
Бул кендердеги жез-коло, алюминийдин аралашма тектери жана темирдин чоң көлөмдөгү кору дүйнөдө кара металл жана түстүү металлургия өндүрүшүнө каражат салган ири инвесторлордун кызыкчылыгын туудуруп келген.
Экологиялык коопсуздук: кооптуу коңгуроо
Буга чейинки бийликтердин тушунда Жетим-Тоо жана Сандык кендерин ачып, иштетүү демилгеси жергиликтүү калктын каршылыгына дуушар болуп, жайыттарга жана жер кыртышына зыяны тиет деген кооптонууну, ар кандай нааразылыкты жаратып турду.
Кыргыз улуттук илимдер академиясынын алдындагы Геоэкологиялык байкоо жүргүзүү боюнча лабораториянын башчысы Исакбек Торгоев экологиялык коопсуздук чаралары камсыздабай, ал кендерди ачык карьердик жол менен иштетүү тоо кыркаларынын экосистемасына коркунуч туудура турганын белгиледи:
"Мен Жетим-Тоо темир кенин ачык жол менен ачып иштетүүгө аябай каршымын. Анткени аны ачык жол менен казып, иштетсек, анда экологияга абдан чоң зыян алып келет. Себеби, Жетим-Тоо кыркаларында Кумтөр сыяктуу эле Нарын дарыясынын суу топтоочу башаты турат. Кен ишке киргизилсе, темир руданын концентратын алуу үчүн абдан чоң карьерлер пайда болуп, миллиондогон тонна тоо тектери казылат. Тоо кыркаларынын жер кыртышы бузулуп, андагы түбөлүк муздар, мөңгүлөр тутуму кыйрайт. Карагай-арчалар, жашыл экосистемага доо кетет. Мунун экономикалык пайдасына караганда экологиялык чыгымдары ашып кетет".
Соңку мезгилде дүйнө жүзүндөгү соода согушунун айынан жана Орусиянын Украинага кол салышына байланыштуу ага салынып жаткан эл аралык санкциялардын кесепетинен улам жарым өткөргүчтөргө, түстүү металлга жана сейрек кездешүүчү элементтерге дүйнөлүк базарда таңкыстык жаралганын ири индустриалдык концерндерге шилтеме берип, эл аралык медиа агенттиктер жазышууда.
Буга байланыштуу тоо кен тармагы боюнча адистер учурдан пайдаланып, Кыргызстандын темир, жез жана алюминий кендерин же сейрек кездешкен элементтерди иштетип, эл аралык рынокто сатуу улуттук экономиканы ирдентип, өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт деген тыянак чыгарышкан.
"Карызды кантип төлөйбүз?"
Мына ушундай тыянактарга таянган Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өлкөнүн тышкы карыздарын төлөөнүн оор учуру келгенин, ошондуктан киреше булактарын көбөйтүү керек деген маселе көтөргөн жайы бар.
"2023-жылдан 2028-жылга чейин 400 миллион доллардан кем эмес, айрым учурларда 460 миллион долларга чейин тышкы карызды төлөйбүз. Мамлекеттик карызды тейлөөгө алдыңкы беш жыл катары менен биз 35 миллиарддан 50 миллиард сомго чейин каражат жумшап турушубуз керек. Тышкы карыздын 50% ашыгын Кытайдын Эксимбанкына төлөйбүз. Коркуткан сөз эмес, бирок төлөй албай калсак Бишкек Жылуулук электр борборунун, Датка-Кеминдин, түндүк-түштүк альтернативдүү жолунун башкаруусу бөлөк бирөөнүн колуна өтөт", - деди Жапаров.
Президент Садыр Жапаров "Улуу көчмөндөр мурасы” аттуу улуттук холдинги түзүлгөнүн былтыр жыл аягында билдирген.
Бул демилге былтыр жыл башында кызматка киришкенде эң биринчилерден болуп кол койгон "Кен казуу тармагын реформалоо тууралуу” жарлыгын ишке ашырууга негизделгени айтылган.
Аталган улуттук холдинг Кыргызстандагы тоо-кен тармагын тейлеп, аларга инвестиция тартуу жана иштетүү ишмердиги менен алектенери белгиленген. Анын жетекчиси Теңгиз Бөлтүрүк тоо кендерин иштетүү боюнча 32 долбоор иштелип чыкканын 29-июнда билдирди.