Дүйнөлүк рынокто мунайдын баасы арзандады

Мунайдын бир баррели дүйнөлүк рынокто апрелдин аягынан бери биринчи жолу 100 доллардан төмөн түштү. Эксперттер муну рецессия ыктымалдыгынын жогорулашы жана кара майга талаптын азайышы менен түшүндүрүшөт.

Мунайдын Brent маркасы шаршембиде 3 пайызга арзандап, бир баррели 99 доллар 61 центке сатылып жатты. АКШда өндүрүлгөн мунай 98 доллар 63 центке бааланды. Бир ай мурун анын бир баррели 120 долларга сатылып келген.

Bloomberg агенттигинин маалыматына караганда, Кошмо Штаттар жана өнөктөштөр орусиялык мунайдын баасын чектөө демилгесин талкуулап жатышат. Бир баррелин 40-60 долларга түшүрүү менен Москванын экспорттон түшкөн кирешесин азайтууну максат кылышат. Ошол эле маалда дүйнөлүк кардарлар орус мунайын алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырабайт.

Бир катар Батыш өлкөлөрү орус мунайынын импортунан баш тарткандан кийин Москва Индия жана Кытайга арзан баадагы экспортун көбөйткөн. Вашингтон жаңы сунуш Бээжин менен Делини кызыктырат деп үмүттөнөт.

Жаңы эрежелер качан күчүнө кирери белгисиз.

Дагы караңыз

8-июлдун аба ырайыБолот Темировдун милицияга иш козгоо тууралуу арызы сотто колдоо тапкан жок УКМК университетте жемкорлук аныкталганын билдирдиТҮРКСОЙ кыргыз калемгерлеринин чыгармаларын түрк тилинде басып чыгарды