Кыргызстанда Билим берүү жана илим министрлигинин кызмат адамдары менен алдыңкы мамлекеттик университеттердин биринин абитуриенттерди кабыл алуу комиссиясынын мүчөлөрү жемкорлукка шектелип жатышканын 7-июлда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.
Мекеменин маалыматына караганда, ишти президентке караштуу Коррупцияга каршы ишкерлик кеңештин өкүлдөрү катышкан мекеме аралык комиссия изилдеп чыкты. Натыйжада чет өлкөлүктөр үчүн деп бөлүнгөн мамлекеттик гранттык 50 орунга абитуриенттер мыйзам бузуу менен кабыл алынганы аныкталганы, ал орундарга кыргыз жарандарын кабыл алып коюшканы айтылды.
Мекеменин маалыматына караганда, гранттык орундарга ачык сынак жарыяланган эмес жана өттү деп эсептелген студенттердин жалпы республикалык тестирлөөдөгү баллдары төмөн болгон.
Азыркы тапта, УКМК билдиргендей, сотко чейинки териштирүү жүрүп, шектүүлөрдү аныктоо иши уланууда. Мекеме иш кайсы берененин негизинде козголгону, кеп кайсы окуу жайы жана окуя качан болгону тууралуу так маалымат берген жок.
Билим берүү жана илим министрлиги атайын кызматтын бул билдирүүсү боюнча комментарий бере элек.
Өлкөдөгү 76 жогорку окуу жайында окуган 231 миңден ашуун студенттин 70 миңдейи башка мамлекеттердин жараны экенин, жалпысынан Кыргызстандагы бардык студенттердин 84% мамлекеттик жогорку окуу жайларда окушарын Билим берүү жана илим министрлиги быйыл март айында маалымдаган. (RK)