Блинкен "Чоң Жыйырманын" жыйынында Орусияга кысымды күчөтүүгө үндөйт

Энтони Блинкен 

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен "Чоң Жыйырманын" жыйынында деңиз жолдорун ачуу үчүн Орусияга кысымды күчөтүүгө үндөмөкчү. Уюмга кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери 8-июлда Балиде жолугушат. Шаршембиде Азия сапарына аттанып жаткан Блинкен Кытайдын тышкы саясий мекемесинин жетекчиси Ван И менен кездешет. Маалыматка караганда, Вашинггтондун өкүлү Бээжинге Орусиянын согуштук аракеттерин колдобоо эскертүүсүн кайталоону көздөйт. Бирок орусиялык министр Сергей Лавров менен жолугушуу каралган эмес.

Мамкатчынын жардамчысы Рамин Толуинин айтымында, Блинкен энергетикалык коопсуздук маселесин, БУУнун Украина жана Орусия экспорттогон азык-түлүк, жер семирткичтерди дүйнөлүк рынокко кайтаруу демилгесин козгомокчу.

Киев Москваны буудайын уурдап, портторду блоктоп жатат деп айыптоодо. Бул өз кезегинде глобалдык алкакта азык-түлүктүн тартыштыгына салым кошту.

Үстүбүздөгү аптада Украин бийлиги дан-эгинди экспорттоого кепилдик алуу үчүн Түркия жана Улуттар уюму менен сүйлөшүү жүргүзүп жатканын билдирген.

Орусия бийлиги кол салган өлкөдөн эч нерсе уурдабаганын айтканы менен, спутниктен тартылган сүрөттөрдө жана GPS маалыматтарда Крымдын порттору аркылуу Украинадан буудай ташылып жатканы көрүнүп турат.

Дагы караңыз

Жапаровдун журналисттер менен жолугушуусу боюнча маалымат берилдиШаардык сот Аспековдун өкүмүн өзгөрттү"Кумтөргө" беш чакырым аралыкты көзөмөлдөөчү жабдык сатылып алындыӨКМ: “Дордойдогу” өрт 42 контейнерди жарактан чыгардыУлуттук банк: Валюта базарында абал салыштырмалуу туруктуу