Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:52

"Кумтөргө" беш чакырым аралыкты көзөмөлдөөчү жабдык сатылып алынды


 IDS GEO радары. "Кумтөр" кени.
IDS GEO радары. "Кумтөр" кени.

Кумтөр алтын кенине алыскы аралыктан көзөмөл жүргүзүп туруучу атайын жабдык сатылып алынганын 6-июлда "Улуу көчмөндөр мурасы" улуттук холдингинин президенти Тенгиз Бөлтүрүк билдирди. Ал “Фейсбуктагы” баракчасына бул тууралуу видео менен коштолгон пост жарыялап, “Жакында эле эң акыркы үлгүдөгү эки радар сатып алдык. Италиялык өндүрүштөн чыгарылган IDS GEO радары беш чакырым алыстыктагы 0,01 ммге чейинки кыймыл боюнча алдын ала маалымат бере алат” деди.

2019-жылы 1-декабрда Кумтөр кениндеги Лысый өрөөнүндө жер көчүп, эки жумушчу көчкү алдында калган. 2021-жылдын 15-февралында «Кумтөр» ишканасынын жумушчусу иш учурунда экскаватору менен кошо Петров көлүнө кулап чөгүп кеткен.

Канадалык “Центерра” компаниясы башкарып келген “Кумтөрдү” Кыргызстан өз карамагына 2021-жылдын май айында алган. Быйыл февралда ишкананы убактылуу тышкы башкаруу укугу "Улуу көчмөндөр мурасы" улуттук холдингине өткөрүлүп берилген. (RK)

XS
SM
MD
LG