Путин Украинанын чыгышында чабуулдарды улантууга буйрук берди

Украина. 2022-жылдын 4-июлу.

Кремль Луганск облусун көзөмөлдөө толук бойдон алардын колуна өткөнүн жарыялагандан кийин Орусиянын президенти Владимир Путин өзүнүн аскерлерине Украинанын чыгышында чабуулдарды улантууга буйрук берди.

Ал орус аскерлери буга чейинки коюлган планды ишке ашырууга милдеттүү экенин, Луганск облусун кандай басып алышкан болсо, ошондой аракеттерин улантышы керектигин 4-июлда билдирди.

Украин армиясы Луганск облусунун Лисичанск шаарында ээлеп турган позициясынан чегингенин 3-июлда өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы расмий билдирген. Билдирүүдө айтылгандай, мындай чечим “оккупациялык аскерлердин артиллерия, авиация, реактивдүү системалар, ок-дары жана жеке курам жагынан эселеп көп болуп жаткандыгына байланыштуу” кабыл алынган.

Лисичанск Украина Луганск облусунда көзөмөлдөп турган акыркы шаар болчу. (RK)

Дагы караңыз

Украинаны калыбына келтирүү планы 750 миллиард доллар деп бааланды Өкмөт элдин арыздарынын 80% укук коргоо органдары боюнча экенин билдирдиБишкекте жол кирени кымбаттатуу планы азыр жок экени айтылды