Биринчи май райондук соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баштаган саясатчыларды Октябрь окуясы боюнча актаган чечими жөнүндө мурдагы судья Клара Сооронкулованын пикирине жооп берди.
Райондук соттун басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө Октябрь окуясы боюнча ишти караган судьялар өз алдынча чечим чыгарып, эч кимдин басымы болбогону жазылган. Маалыматта прокуратура айыпталуучуларды 12 жылга эркинен ажыратууну сураганы, 167 жабырлануучу суралганы айтылат. Сот ишинде соттук-лингвистикалык, саясий экспертизалар дагы болгон. Ушул сыяктуу жүйөлөрдү келтирген Биринчи май райондук соту чечим прокуратуранын көрсөтмөсү менен кабыл алынды деген сындарды четке каккан.
Райондук сот Клара Сооронкулованы чечим чыгарган судьяларды сыйлоого, мыйзамга каршы пикирлерди айткандан карманууга чакырат.
Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова “Азаттыктын” 29-июндагы “Эксперттер талдайт” берүүсүндө Октябрь окуясы боюнча чечим прокуратуранын көрсөтмөсү менен чыгарылды деген пикирин айткан.
Бишкектин Биринчи май райондук соту 28-июнда Октябрь окуясы боюнча Атамбаевди, анын кеңешчиси Фарид Ниязовду, жансакчысы Канат Сагымбаевди, "Социал-демократтар партиясынын" лидери Темирлан Султанбековду, ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановду, “Туран” партиясынын лидери Жеңиш Молдокматовду актаган чечим чыгарган.
Президент Садыр Жапаров чечимге эч кандай тиешеси жок экенин билдирген. (TSh)
Дагы караңыз
Нарындын мурдагы губернаторунун камалганы белгилүү болдуДача СУ: комиссия элден чогулган акчанын чоо-жайын иликтейтАкылбек Жапаров эки аэропорт боюнча сүйлөшүү гана жүрүп жатканын айттыТүрк тилдүү мамлекеттердин жыйынында Кыргызстан Ооганстандагы азык-түлүк кризисин көтөрдүКыргызстанда 23 ишкана мыкты салык төлөөчү деп табылды