Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:06

Акылбек Жапаров эки аэропорт боюнча сүйлөшүү гана жүрүп жатканын айтты


Акылбек Жапаров. Архивдик сүрөт.
Акылбек Жапаров. Архивдик сүрөт.

"Манас" жана “Ош” эл аралык аэропортторун тышкы башкарууга өткөрүп берүү боюнча азыр сүйлөшүү гана жүрүп жатканын бүгүн, 4-июлда “Кабар” улуттук маалымат агенттигине курган маегинде Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди. Ал “Эгер биз койгон шарттарга макул болсо гана келишим түзөбүз” деп айтты.

Жапаров бүгүнкү күндө бул эки аэропортко күнүнө 16 учак конуп-учуп жаткан болсо, эки жылдан кийин 160 учак болорун, эң акыркы үлгүдөгү жаңы учуп-конуу тилкеси жана жүк ташуучу терминал куруларын, жылына жүз миң тоннадан ашык жүк өтүп турарын айтты.

“Инвесторлор макулбуз деген пикирин билдирип жатышат. Бирок ортобузда келишимдин мөөнөтүн канча жылга чейин түзөбүз деген талаш-тартыш турат. Биз 29 жыл деп жатабыз. Алар “39 жылга түзөлү, 29 жылда биз салган инвестициябызды актай албай калабыз” деп жатышат”, - деди Жапаров.

Кыргыз өкмөтү "Манас" жана "Ош" аэропортторун түркиялык YDA INŞAAT аттуу компанияга сырткы башкарууга берүүнү көздөп жатканын Жапаров Жогорку Кеңештин 29-июндагы жыйынында билдирген. Ал саясий чечим кабыл алынганын, азыр юристтер жана экономисттер меморандумду карап жатышканын айткан.

Парламенттин айрым депутаттары стратегиялык объектилер жең ичинен белгисиз компанияга 39 жылга сырткы башкарууга берилип жатат деп сындап чыгышкан. Мисалы, депутат Жанар Акаев "Бул абдан туура эмес, анткени Дүйнөлүк банк менен Эл аралык финансы корпорациясы келишим түзүп, анын алкагында ачык сынак өткөрүү каралган. Ага Германия, Нидерланддар, Түштүк Корея өлкөлөрүнөн ири компаниялар катышууга аракет кылып жатканда эч бир сынагы жок, тендерсиз стратегиялык эки объектибизди бергени жатабыз" деген оюн айткан.

XS
SM
MD
LG