Нарындын мурдагы губернаторунун камалганы белгилүү болду

Адылбек Эсенбеков.

Нарын облусунун мурдагы губернатору Адылбек Эсенбеков июнь айынан бери камакта отурат. Бул маалыматты облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы "Азаттыкка" ырастады.

Маалыматка ылайык, ал Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси («Ден соолукка оор залал келтирүү») боюнча шек саналып кармалып, Жазаларды аткаруу кызматынын облустагы тергөө абагына киргизилген.

Милиция окуянын чоо-жайын кенен маалымдаган жок. Эсенбековдун жакындары, жактоочулары менен байланышууга мүмкүнчүлүк болбоду.

Адылбек Эсенбеков 2010-жылдагы Апрель окуясынан кийин Нарында «элдик губернатор» болуп бир нече ай иштеген. Кийин ал Нарын райондук суу чарба департаментин башкарган. Нарындагы саясий-коомдук окуяларга активдүү катышып келет. (TSh)

Дагы караңыз

Дача СУ: комиссия элден чогулган акчанын чоо-жайын иликтейтТүрк тилдүү мамлекеттердин жыйынында Кыргызстан Ооганстандагы азык-түлүк кризисин көтөрдүКыргызстанда 23 ишкана мыкты салык төлөөчү деп табылдыБлогер Батмакан Жолболдуеванын соту 14-июлда башталат Луганодогу жыйында Украинаны калыбына келтирүү маселеси талкууланат