Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:39

Луганодогу жыйында Украинаны калыбына келтирүү маселеси талкууланат 


Украинаны калыбына келтирүүгө багытталган иш-чара өтүүчү жайдын кире бериши. 3-июль, 2022-жыл.
Украинаны калыбына келтирүүгө багытталган иш-чара өтүүчү жайдын кире бериши. 3-июль, 2022-жыл.

4-июлда ондогон мамлекеттердин лидерлери жана эл аралык уюмдардын жетекчилери Украинаны калыбына келтирүүнүн жол картасын түзүү максатында Швейцариянын Лугано шаарына чогулат. Эки күндүк жыйынга Украинанын өкмөт башчысы Денис Шмыгаль жана Европа комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен да барары күтүлүүдө.

Украинанын президенти Владимир Зеленский жыйынга онлайн катыша турганы белгилүү болду. Ал баскынчылардан бошотулган аймактарды калыбына келтирүү үчүн эбегейсиз эмгек зарыл экенин эскертти.

"Бир гана баскынчылар талкалаган аймактарды калыбына келтирбестен, коопсуз, заманбап, баардык шарттары бар жашоого негизи түзүү керек",-деди Зеленский 3-июлдун кечинде жасаган билдирүүсүндө.

Украинанын кыйраган инфраструктурасын калыбына келтирүү үчүн 100 миңдеген евро керек. Жыйын Лугано декларациясын кабыл алуу менен жыйынтыкталары күтүлүп жатат.

XS
SM
MD
LG