Журналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмүнө шек саналып абакта отурган блогер Батмакан Жолболдуеванын соту 14-июлда башталат. Бул тууралуу анын жактоочусу Назгүл Сүйүнбаева “Азаттыкка” маалымдады.
Анын айтымында, учурда блогер Жалал-Абадагы тергөө абагында отурат.
26-майда Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын өкүлү Нурпери Абдуллаева блогерге айыбы угузулуп, иш Ош шаардык сотуна жөнөтүлгөнүн маалымдаган.
Блогерге Кылмыш-жаза кодексинин "Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү”, "Жеке жашоонун кол тийбестигин бузуу”, “Документтерди жасалмалоо” жана “Бейбаштык” беренелери менен төрт кылмыш иши козголгон.
Ош шаардык соту 21-апрелде аны 26-майга чейин камакта калтыруу тууралуу чечим чыгарган. 25-майда сот анын камактагы мөөнөтүн эки айга узарткан.
37 жаштагы Галымбетованын сөөгү 26-мартта Баткен шаарында жерге берилген. Жакындарынын айтымында, ал 25-март күнү кечке жуук өзүн жаман сезип ооруканага түшүп, эсине келбей каза болгон.
Ютубда 49 миңден ашуун катталуучусу бар ”Батма-бат” каналынын автору Жолболдуева Баткендеги ашкана-дүкөндөрдүн тазалыгын, товарларды сактоо мөөнөтүн текшерген видеолорун жарыялап турган. Ал өзүнүн социалдык баракчалары аркылуу Баткендеги жергиликтүү бийликтин иштерин сынга алып келген. (TSh)
Дагы караңыз
Кыргызстанда 23 ишкана мыкты салык төлөөчү деп табылдыЖапаров Мирзиёев менен сүйлөштү Полиция: Копенгагендеги окуянын террорчулук менен байланышы жок