5-июлда түнкүсүн Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоолуу аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт, Жалал-Абад облусунун өрөөндөрүндө жана калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Эртең менен жана күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун кээ бир райондорунда, Жалал-Абад, Баткен, Ош облустарынын тоолорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, Жалал-Абад облусунун өрөөндөрүндө, Ош, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 15...20, күндүз 19…24;
Талас жергесинде түнкүсүн 11...16, күндүз 18…23;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 18…23, күндүз 27…32;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 13...18, күндүз 22...27;
Нарын облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 23…28;
Бийик тоолордо түнкүсүн -1…+4, күндүз 10…15 градус.
Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, эртең менен жана күндүз жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 17…19, күндүз 32…34 градус болот.
Дагы караңыз
Каракалпакстан: 18 киши каза таап, 200дөн ашууну жаракат алды Акылбек Жапаров эки аэропорт боюнча сүйлөшүү гана жүрүп жатканын айтты"Адеп-ахлакты үйрөтөбүз". Диний лагерлерге талап жана сынПрокуратура: Нукустагы башаламандыкта 18 киши мерт кетти