Алтынбек Эргешов президенттин Нарындагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Мындай жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун «Азаттыкка» бүгүн 4-июлда өкмөттөгү ишенимдүү булактар билдиришти.
Маалыматка караганда, Эргешовду Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн Нарын облусунун активи менен тааныштырат.
50 жаштагы Алтынбек Эргешов буга чейин Президенттин администрациясынын жана Министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыктын жетекчиси болуп иштеп келген. Бул кызматтан ал 14-июнда бошотулган.
Эргешов ага чейин өкмөттүн уюштуруу бөлүмүнүн башчысы, 2010-жылга чейин ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин жардамчысы болгон.
Нарын облусун 2020-жылдын Октябрь окуяларынан бери Сабыркул Ашымбаев башкарып келген. Анын кызматтан кетишинин расмий себеби айтыла элек.
Дагы караңыз
Курман айт күнү 8 миңдей милиционер күчөтүлгөн тартипте иштейтЖоокердин өлүмү: Маркумдун туугандары кокустук тууралуу версияны четке кагуудаӨКМ: Нарында 80 жаштагы карыя дайынсыз болуудаТышкы карыз: бийликтин коңгуроосу, оппозициянын сыны Каракалпакстан: 18 киши каза таап, 200дөн ашууну жаракат алды