Кой-Таштагы аскердик бөлүктө кызмат өтөп жаткан жоокер каза болду

Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн 4-июлда Кой-Таштагы аскердик бөлүктө кызмат өтөп жаткан жоокер каза болгонун Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, окуя саат 02:00 чамасында болгон:

"№73809 аскер бөлүгүнүн анык мөөнөттөгү кызматын өтөп жаткан аскер кызматкери, катардагы Ж.Э. (01.04.2000-ж. төрөлгөн) постто сакчылык кызматын өтөп жатып, курал колдонуудагы байкабастыктын натыйжасында кокустуктан ок чыккан, жоокер жаракат алган жеринен көз жумган" деп билдирди министрликтин басма сөз кызматы.

Окуя болгон жерде Башкы штабдын жетекчилиги, Аскердик прокуратуранын кызматкерлери, Аламүдүн райондук ички иштер башкармалыгынын эксперттери жана №02625, №73809 аскер бөлүгүнүн командачылыгынын курамынан түзүлгөн комиссия иштеп жатканы маалымдалды.

Kaktus.media басылмасы маркумдун туугандарына таянып жазышынча, жоокер кызматка быйыл 21-майда киришкен, 7-июлда үйүнө барып келүүнү пландап жаткан.

Дагы караңыз Жоокердин өлүмү: Маркумдун туугандары кокустук тууралуу версияны четке кагууда

Дагы караңыз

Токмок: "карындашын коргоп, адам өлтүрдү" деп шектелген тургун эки айга камалдыЫсык-Көл: Кум жээктеги мыйзамсыз курулуштар боюнча мониторинг башталдыМелис Аспеков ачкачылыгын токтоткону кабарландыӨКМ: Нарында 80 жаштагы карыя дайынсыз болууда