Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:09

Мелис Аспеков ачкачылыгын токтоткону кабарланды


Мелис Аспеков сотко жеткирилди. Архивдик сүрөт.
Мелис Аспеков сотко жеткирилди. Архивдик сүрөт.

Бишкектеги №1 тергөө абагында отурган жарандык активист Мелис Аспеков ачкачылыгын токтотконун акыйкатчы Атыр Абдрахматова билдирди. 2-июлда омбудсмен “Фейсбуктагы” баракчасына Аспеков менен жолугуп чыкканын жазды.

“Кургак ачкачылык жарыяладым деп арызы мага түшкөн. Ачкачылыгын азыркы учурга токтоткон. Ден соолугуна байланыштуу учурунда медициналык кароого муктаждыгын, былтыркы инфаркттан кийин реабилитация дагы эле өтпөгөнүн айтты” деп билдирген Абдрахматова активисттин ар бир сот процессине мониторинг жүргүзүлүп келатканын кошумчалады.

Аспеков Бишкек шаардык сотунда 21-июнда өткөн отурумда судьяга нааразылык билдирип, аны алмаштыруу талабы менен ачкачылык жарыяларын айткан.

2020-жылдын Октябрь окуясынан кийин бийликке келген Садыр Жапаровдун тарапташы болгон Аспеков 2021-жылдын январында “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен 250 миң доллар талап кылган деген шек менен кармалган. Алгач Жазык кодексинин “Опузалап талап кылуу” беренеси менен кылмыш иши козголуп, май айында ага "Алдамчылык" беренеси да кошулган.

Быйыл март айында Бишкектин Биринчи Май райондук соту активистти күнөөлүү деп таап, жети жылга абакка кескен. Мунун алдында Аспеков соттук жараяндагы акыркы сөзүн айтып, күнөөсү далилденбегенин, "саясий негизде иш козголгонун" билдирген. Президент Садыр Жапаров анын айыптоосун четке каккан. Учурда ишти Бишкек шаардык соту карап жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG