Чүйдө жолдогу өрт кырсыгынын себеби иликтенүүдө

Окуя болгон жер. 2022-жылдын 3-июлу.

Чүйдө жолдо бараткан оор жүк ташуучу автомашинадан чыккан өрттүн себеби иликтенүүдө. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, окуя кечээ 3-июлда Жайыл районуна караштуу Бекитай айылында болгон.

Өрттү өчүрүүгө бир бөлүм тартылып, жарым саатта өрт толук чектөөгө алынган.

Машина дөңгөлөктөрдү жүктөп баратканы белгилүү болду. Куткаруучулар автоунаанын айдоочу отуруучу бөлүгүн өрттөн сактап кала алышкан. Адамдардан эч ким жабыркаган жок.

Кечээ социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары Чүйдө чоң өрт болуп жатканы тууралуу видеолорду бөлүшүп, окуя талкуу жараткан. (RK)

Дагы караңыз

Москва Луганскини алганын билдирди, Киев маалыматты төгүндөдүКаракалпакстан: 18 киши каза таап, 200дөн ашууну жаракат алды Диниятчылар "Талибанды" таанууга эл аралык коомчулукту чакырдыМирзиёев Каракалпакстандагы жоготуулар тууралуу маалымат берди