Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:28

Москва Луганскини алганын билдирди, Киев маалыматты төгүндөдү


Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу жана Орусиянын президенти Владимир Путин.
Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу жана Орусиянын президенти Владимир Путин.

Орусиянын бийлиги Украинанын Лисичанск шаарын алып, Луганск облусуна толук көзөмөл орнотконун жарыялады. Киев бул маалыматты четке кагып, Лисичанскиде салгылашуулар уланып жатканын айтууда. Москва чек арага жакын жайгашкан Белгород шаарындагы жардыруулар үчүн Украинаны айыптады.

Орусиянын армиясы Украинанын чыгышына чабуулун күчөтүп, 3-июлда Славянск шаарын аткылады. Калаанын мэри Вадим Лях Фейсбукка соңку убактагы эң катуу ракеталык сокку болгонун жазып, каза болгондор көп экенин кошумчалады.

«Азыр он беш аймак өрттөнүп жатат. Мерт кеткендер жана жарадарлар көп»,-деп жазды ал.

Киевди ала албасына көзү жеткен соң, орус армиясы Украинанын борбордук бөлүгүнөн чегинип, болгон күчүн өлкө чыгышына бурган.

Согушка чейин калкы 107 миң адамды түзгөн Славянск шаарын Москва көптөн бери басып алууну көздөп келет. 2014-жылы үч айга көзөмөл орнотууга жетишкен, бирок кайра украин армиясы бошотуп алган. Луганск жана Донецк облустарынын кайсы бир бөлүктөрү сегиз жылдан бери орусиячыл жикчилдердин колунда. Алар өз алдынча «республикаларды» жарыялап алышкан. Эми Москва эки облуска толугу менен көзөмөл орнотууну көздөп жатат.

Лисичанск тууралуу карама-каршы маалыматтар

Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу 3-июлда президент Владимир Путинге Украинанын чыгышындагы Луганск облусун толук "бошотушканын" билдирди. Ал орус аскерлери соңку жумаларда салгылаш жүрүп жаткан Лисичанск шаарын өз карамагына алганын кошумчалады. Бул тууралуу Коргоо министрлиги маалымдады.

Луганск облусунун губернатору Сергей Гайдай орус күчтөрү шаардагы "өз позицияларын бекемдеп жатышканын" жазды. Бул маалыматты Украинанын Башкы штабынын маалымат катчысы Александр Штупун да ырастады:

«Донецк багытында баскынчылар Лисичанск жана Верхнекаменка шаарларында өз турумдарын бекемдөөгө күчүн жумшап жатышат. Белогоровго басып кирүү аракетинен майнап чыкпай, артка чегинүүгө аргасыз болушту».

Ошентсе дагы украин бийлиги Лисичанск толугу менен орустардын колуна өткөнүн ырастай элек.

Дээрлик бир айга созулган айыгышкан салгылашуудан кийин орус армиясы июнь айынын соңунда Северодонецк шаарын басып алган.

Донецк администрациясынын башчысы Татьяна Игнатчетко билдиргендей, 3-июлда ошондой эле Краматорск шаарына дагы үч ракета тийип, мейманкана талкаланды. Игнатченконун айтымында, учурда облустун 45% украин күчтөрүнүн көзөмөлүндө. Бирок алардын дээрлик баарында кармаш жүрүп жатат.

Белгороддогу чабуул үчүн Москва Киевди айыптады

Ал арада Орусиянын Украина менен чектешкен аймакта жайгашкан Белгород шаарынын бийлиги түнкү чабуулдардан үч киши мерт кетип, ондогон имараттар талкаланганын 3-июлда билдирди.

Телеграмдагы каналына жазган билдирүүсүндө облус губернатору Вячеслав Гудков окуяны "украин тараптын агрессиясы" катары мүнөздөдү. Анын билдирүүсүнө караганда, кеминде 11 көп кабаттуу үй, 39 жеке турак жай талкаланды. Орусиянын Федерация кеңешинин депутаты Андрей Клишас Украинаны түнкү жардыруулар үчүн түз айыптады. Орус бийлигинин мындай билдирүүлөрүн ырастоо согуш маалында дээрлик мүмкүн эмес.

Социалдык тармактарга чыккан видеолордо калаада өрт тутанып, жардыруулар болуп жатканын көрүүгө болот.

Орусия Украинага кол салганы Белгороддо бир нече ирет аткылоо болгону кабарланган. Киев алар үчүн жоопкерчиликти өз моюнуна алган эмес.
Белгород Украина менен чек арадан 40 чакырым алыстыкта жайгашкан, 400 миңдей калкы бар шаар.

Ушул эле күнү Орусиянын Украина менен чектешкен Курск облусунун губернатору Роман Старовойт абадан коргонуу системалары түнчүндө украиндердин эки учкучсуз аппаратын атып түшүргөнүн билдирди. Ал курмандыктар жок экенин кошумчалады. Социалдык тармактарга жарыяланган видеодо Курскиден анча алыс эмес жерден коюу түтүн чыгып жатканын көрүүгө болот. Ал кадр канчалык реалдуу экенин бышыктоо мүмкүн эмес.


XS
SM
MD
LG