Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев кыргызстандыктарды кошуна жана башка чет өлкөдөгү окуяларга баа берүүдөн карманууга чакырды. 3-июлда ал коомдук ишмерлерге, жарандык активисттерге, блогерлерге жана башка жарандарга кыргыз, орус, англис тилдеринде жазган кайрылуусун Фейсбукка жарыялады.
"Кыргызстан тынчтыкты сүйгөн өлкө катары башка бир дагы чет мамлекеттин ички иштерине кийлигишүүгө укугу жок. Чет мамлекеттерде болуп жаткан процесстердин баары алардын ички иштери. Ошондуктан, биз дагы бир жолу коңшулаш жана башка мамлекеттерде болуп жаткан окуяларга мамлекеттердин ортосундагы ынак коңшулаштыктын принциптерине каршы келген пикирлерди жана баалоолорду жарыялабоону өтүнөбүз", - деди Султанбаев.
Өзбекстандын курамына кирген Каракалпакстандагы нааразылык акциялар кыргызстандык интернет колдонуучулар арасында да талкууланууда.
26-июнда Конституциянын Каракалпакстан боюнча жаңы редакциясынын коомдук талкууга коюлган беренелери Өзбекстандын курамындагы бул автономдуу республиканын тургундарынын нааразычылыгын жараткан.
1-2-июлда Нукустагы жапырт демонстрациялардын артынан Каракалпакстанда бир айлык өзгөчө абал жарыяланган. (SE)
Дагы караңыз
Тышкы карыз: бийликтин коңгуроосу, оппозициянын сыны Ош мэриясында майрамга бөлүнгөн акча кымырылганы айтылуудаМосква Украинанын Луганск облусуна көзөмөл орнотконун жарыялады