Ош мэриясында майрамга бөлүнгөн акча кымырылганы айтылууда

Ош мэриясында 8-март - Аялдардын эл аралык күнүндө майрамдык иш-чара уюштурууда 200 миң сомдон ашуун акча кымырылганы айтылууда. Бул тууралуу шаардык кеңештин депутаты Хулкар Исамова билдирди.

Депутат 15-июнда прокуратурага кат менен кайрылган. Териштирүүнүн жыйынтыгында ири суммада зыян келтирилгени аныкталганын Исамова "Азаттыкка" тастыктап, прокуратуранын расмий жообун "Фейсбукка" жарыялады.

Мэриянын басма сөз кызматы маселе алдыдагы күндөрү такталып, комментарий бериле турганын маалымдады. (SE)

Дагы караңыз

Киев Лисичанск Орусиянын көзөмөлүнө өткөнүн төгүндөдүКаракалпакстанда бир айга өзгөчө абал жарыяланды"Топчу жана мык чыгарабыз". Өкмөт өндүрүштү өз колуна алмай болдуБлогер Адилет Али Мыктыбек 29-июлга чейин камалды