Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:36

"Топчу жана мык чыгарабыз". Өкмөт өндүрүштү өз колуна алмай болду


Металл эритип, куйган өнөр жай ишканасы. Чүй облусу, 15-февраль, 2022-жыл
Металл эритип, куйган өнөр жай ишканасы. Чүй облусу, 15-февраль, 2022-жыл

Кыргыз өкмөтү экономикалык өнүгүүгө өбөлгө түзчү өндүрүш ишканаларын өз колуна алып, билек түрө ишке киришкенин жарыялады.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кризиске каршы программанын негизги өзөгүн тоо-кен тармагы, гидроэнергетика, билим берүү, туризм жана башка тармактарда мамлекеттин катышуусу менен 30дан ашуун ири долбоорду ишке ашыруу пландалып жатканын билдирди.

Ошондой эле мурда туура эмес менчиктештирилген же инвестициялык милдеттерин аткарбаган Майлуу-Суу электр лампа заводу сыяктуу ири ишканалар мамлекетке кайтарылып жатканын белгиледи.

Өкмөттүн экономиканы жөнгө салуу демилгеси коомчулукта талкууга түштү.

Өкмөт өндүрүштү өз колуна алдыбы?

Жогорку Кеңеште жарым жылдык ишмердиги боюнча маалымат берген Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров улуттук экономиканы башкарууда буга чейинки өкмөт башчылардан кескин айырмаланган көз карашын билдирди.

Акылбек Жапаров "Мамлекет - начар башкаруучу" деген көз караштан кетип, улуттук экономиканы кризистен чыгарууда кээ бир өндүрүш тармактарында мамлекеттин катышуусун камсыздоо саясаты ишке киргизилгенин билдирди.

Өкмөт башчы тышкы карыздын орчундуу бөлүгүн төлөөгө убакыт келгенин, казынага каражат тартуу кечиктирилгис чараларды көрүүнү талап кыларын белгиледи.

“Мамлекеттик компаниялар экономиканын локомативи болушу зарыл. Экономикалык реформаларды жасоо максатында жаңы заводдорду ачып, ишканаларды түзүп жатабыз. “Кумтөрдүн” акчасынын эсебинен башка кендерибизди дагы өзүбүз иштетели дедик. Бул улуттук холдингдин уставдык капиталы 8 млрд. сомду түзөт. Мындан тышкары "Кыргызиндустрия" мамлекеттик ачык акционердик коому түзүлдү. Анын колдоосу менен биз тигүү жана эмерек өндүрүшү үчүн фурнитураларды, көмөкчү материалдарды, көп функциялуу принтерлерди, интернет сигналдарын кабыл ала турган Wi-Fi роутерлерди, көзөмөл-кассалык машиналарды чыгарып, жеке компьютерлерди ж.б.у.с. инновациялык жабдууларды Кыргызстанда чогултуу боюнча долбоорлорду ишке ашыра баштадык”.


Кыргызстан эгемендик алганда рыноктук механизмдерди жактап, эркин экономиканы тандаган. Отуз жылдан ашуун убакыттан бери мамлекеттик мүлктүн көп бөлүгү менчиктештирилип, өндүрүштүк ишканалар жеке колго өтүп же болбосо инвесторлорго убактылуу башкарууга берилген.

"Мамлекеттик кийлигишүүгө негиз болушу керек"

Саясат талдоочу Сейтек Качкынбай экономикага мамлекеттин кийлигишүүсү оор кризистик учурларда колдонулган тажрыйба экенин, бирок өндүрүштү мамлекеттик жөнгө салуу дайыма эле ийгилик жаратпай турганын белгиледи.

Сейтек Качкынбай, саясий-экономикалык маселелер боюнча эксперт.
Сейтек Качкынбай, саясий-экономикалык маселелер боюнча эксперт.

“Экономикалык өнүгүүнүн мамлекеттик жөнгө салуу колдонулган же мамлекеттин кийлигишүүсүн четке каккан эки мектеби бар. Негизи, эки көз караш бири-бирине карама-каршы келгени менен кээде экөө тең керек. Алар бири-бирин толуктап турган учурлар болот. Айрыкча пандемия, эпидемия, зилзала, согуш сыяктуу өзгөчө кырдаалдарда дүйнөдө экономикага мамлекеттик кийлигишүү усулу колдонулат. Мамлекеттик жөнгө салуу өзүн актаган учурлар да, мамлекеттик кийлигишүү тескери натыйжа берген мисалдар да толтура. Мурда мамлекеттин колундагы ишканалар менчикке кетип, анан ал жакта туруп калып, азыр эми аларды мамлекет кайра кайтарып жаткан жагдайдын негиздемесин кароо керек. Бирок мамлекет ошол ишканаларды мурда эле иштете бербейт беле деген да суроо жаралат. Анда СССР мүмкүн бузулмак эмес. Дүйнөлүк атаандаштыкка туруштук бере албаганы үчүн система кыйраган да. Эгерде чынында эле менчиктештирүүнүн жыйынтыгын кайра кароо аракети болсо, анда ал соттук териштирүү менен коштолот”.

Өндүрүштү каржылоо, мамлекетке өткөн ишканалар

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров экономикалык өнүгүүгө өбөлгө түзө турган өндүрүштүк жана кызмат көрсөтүү боюнча мамлекеттик 30 долбоор бекитилгенин билдирди.

Бул долбоорлорду каржылоо максатында "Айыл банк", РСК банк, "Керемет банк" жана жаңыдан түзүлүп жаткан Мамлекеттик өнүгүү банкынын уставдык капиталдарын 100 млн. АКШ долларына чейин чыгаруу планы бар экени айтылды.

Мындан сырткары "Кумтөр" алтын кенинен түшкөн пайданы экономиканын реалдуу секторуна багыттап, тоо-кен, туризм, гидроэнергетика, металлургия жана оор өнөр жайындагы токтоп калган өндүрүштүк ишканаларды кайрадан жандандыруу демилгеси көтөрүлгөнү белгиленди.

Акылбек Жапаров туура эмес менчиктештирилген, инвестициялык милдеттерин аткарбаган же мамлекетке карызы бар өндүрүштүк ишканалар мамлекеттин карамагына өткөрүлүп жатканын билдирди:

“Биз жакында Майлуу-Суу электр лампа заводун кайра кайтарып алдык. Аны жаңылап, өндүрүштүк кубаттуулугун арттыруу үчүн 1 млрд. сомдук бизнес-планын бекитип бердик. Мындан тышкары Кара-Балта авторемонттоо заводу, Кара-Балта килем комбинаты, Кара-Балтадагы “Дан-Азык” мамлекеттик ишканасы дагы толугу менен мамлекетке кайтарылды. Ушуга окшогон онго жакын ишкананы биз мамлекеттин карамагына өткөрүп алып жатабыз. Мамлекетке карыздарынын эсебинен же болбосо менчиктештирүү маалында ар кандай келишимдердин негизинде ар кандай кишилер алып, бирок кыргыз өкмөтүнүн алдындагы милдеттерин так аткарбаган болсо, биз ал ишканалардын бардыгын кайрадан мамлекеттин карамагына алып жатабыз”.

Топчу менен мыктан башталган өндүрүш


Кыргызстандын өндүрүштүк потенциалын жогорулатуу максатында өткөн 2021-жылы декабрь айында "Кыргызиндустрия" мамлекеттик ачык акционердик коому түзүлгөн.

Анын төрагасы Жарасул Абдураимов бул мамлекеттик компания быйыл март айынан баштап ишке киришкенин айтып, анын курамында 14 өндүрүштүк ишкана ачылып, жумушун баштап жатканын билдирди.

Анын айтымында, жеңил өнөр жай, транспорт, курулуш тармактарын өнүктүрүүгө багытталган өндүрүштүк жана кызмат көрсөтүүгө зарыл ишканалар мамлекет тарабынан же мамлекеттин катышуусу менен түптөлдү.

"Кыргызиндустрия" мамлекеттик ачык акционердик коомунун төрагасы Жарасул Абдураимов мамлекеттик өндүрүш топчу менен мык чыгаруудан башталганын белгиледи:

Жарасул Абдураимов, «Кыргызиндустрия» мамлекеттик ачык акционердик коомунун төрагасы
Жарасул Абдураимов, «Кыргызиндустрия» мамлекеттик ачык акционердик коомунун төрагасы

“Биздин изилдөө Кыргызстандын тигүү тармагы жылына 10 млн. долларга топчуну чет өлкөдөн сатып алып келерин көргөздү. Ошондуктан биз “Кыргыз топчусу” мамлекеттик ишканасын түзүп, Фрунзе заводунун аймагында РСК банкта күрөөдө турган бир ишкананын имаратын алып, ишти баштадык. Жакында жабдыктары келип, өндүрүш ишке киргени турат. Андан башка дагы “Кыргыз темир мык” ишканасы кадимки мыктарды, шуруптарды жана башка ушул сыяктуу темир шаймандарды жасап чыгарууга ыңгайлашкан. Азыр биздин өлкө мунун бардыгын Өзбекстандан жылына 6 миң тоннадай сатып алат. Анан ширетүү ишине керектелчү электрод чыгарган кыргыз-казак биргелешкен ишканасы дагы жакында ишке киришкени турат”.

Тоо-кен тармагындагы долбоорлор. Уникалдуу өндүрүш

Ошол эле кезде өлкөнүн тоо-кен тармагын тейлөө, инвестиция тартуу жана өнүктүрүү жаңыдан түзүлүп, "Кумтөр" алтын кенинин эсебинен каржылана турган "Улуу көчмөндөрдүн мурасы" улуттук холдингине берилди.

Холдинг өз алдынча 34 долбоор иштеп чыкканын анын жетекчиси Тенгиз Бөлтүрүк парламентте айтты. Ал тоо-кен тармагын өнүктүрүү жана анын ишмердигин камсыздоого байланыштуу ишканалар түзүлүп жатканын билдирди:

“Жакында Таластагы эки алтын жана жез кенин ишке киргизгени жатабыз. Анын фабрикасы курулуп бүтсө, өндүрүш 2,5 жылда ишке берилет. Бул өзүнчө эки чоң долбоор. Мындан башка Чүйдө сейрек кездешүүчү металлдары бар Куттуу-Сай кенин ишке киргизүүгө даярдап жатабыз. Буга инвесторлор келип жатат. Айрыкча Жапониядан келген инвесторлор бул жакка чоң инвестиция салууну сунушташты. Долбоор дагы 2,5 жыл ичинде ишке киргизилет. Анан мрамор ташын иштеп чыгара турган заводду сатып алдык. Бул долбоор жакында ишке киргизилет”.

"Кыш завод курууну бизнестен талашпагыла"

Жогорку Кеңештин "Ишеним" фракциясынан депутат Чолпон Султанбекова "Улуу көчмөндөрдүн мурасы" улуттук холдинги "Кумтөрдүн" акчасынын эсебинен кыш заводу, суу чыгаруучу завод сыяктуу өндүрүштүк ишканаларды курууну жеке менчик ишканалардан талашпай эле койсо деген оюн ортого салды.

Депутат өкмөттү акчаны майда-барат нерселерге сарптоону токтотуп, улуттук долбоорлорго багыттоого чакырды.

“Сиздин берген маалыматтан ичүүчү суу, кыш чыгаруу деген сыяктуу долбоорлор тууралуу окудум. Бирок мен кыш заводун куруу же суу чыгаруу деген сыяктуу иштерди жеке секторго эле калтырууну суранат элем. Аны бизнес өзү эле тартып кетет. “Кумтөрдөн” түшкөн акчаны буга окшогон жактарга корото бербей, натыйжа бере турган ири улуттук долбоорлорго жумшасак, кандай болот эле? Азыр сиз жетектеген холдингде 500дөн ашуун адам иштейт дедиңиз. Алар эмне иш кылат?”.

Парламентте бир катар депутаттар өкмөттүн бул жаңы экономикалык саясатынын жыйынтыгына баа күзүндө бериле турганын айтышты.

Бул аралыкта жаңы түзүлгөн мамлекеттик ишканалар атаандаштыкка туруштук берип, өндүрүш тармагынан ордун таба алабы деген маселе көтөрүлдү.

XS
SM
MD
LG