Массалык уулануудан кийин Жалал-Абад шаарындагы тез татымдар ишин токтотту

"Таж-махал" ашканасынан 30-июнда шаурма жеген 13 адам ооруканага кайрылган. Жалал-Абад шаары. 2022-жыл.

Жалал-Абад шаарындагы тез татым жайларынын дээрлик баары жабылды. Буга алардын санитардык талаптарды сактабаганы себеп болгонун шаардык мэриядан "Азаттыкка" билдиришти.

2-июлдагы рейд учурунда шаар аймагындагы тез татымдардын көбү тамак-ашты санитардык талаптарга ылайык сактабаганы аныкталган. Анда иштеген жумушчулардын көбүндө медициналык текшерүүдөн өткөнү жөнүндө тийиштүү документтери жок болгон.

Буга байланыштуу Жалал-Абад райондор аралык оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык борбору уруксат бергенге чейин менчигинин түрүнө карабай шаардагы бардык тез татым жайларын бүгүн, 2-июлдан тартып жабууга чечим чыгарды.

27-30-июнь күндөрү Жалал-Абад шаарындагы "Ага-ини" жана "Таж-махал" тез татым жайларынан тамактанган 70тен ашуун адам ууланган.

Мындан кийин Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоковдун тапшырмасы жана эпидемия-эпизоотияга каршы өзгөчө комиссиянын чечими менен шаардагы тез татым жайлары текшериле баштаган.

Милициядан массалык ууланууга байланыштуу факт бирдиктүү реестрге катталып, тергөө амалдары жүрүп жатканын кабарлашты.

Жалал-Абад шаарында 30дан ашуун тез татым жайлары бар.(TB)

Дагы караңыз

Каракалпакстан: бир айга өзгөчө абал жарыяландыКарындашын коргоп, ок чыгарган делген шектүүнүн ишин акыйкатчы көзөмөлүнө алдыӨзбекстан менен Казакстандын чек арасында чектөө киргизилдиСүрөтчү кыздардын "Спорт менин көзүм менен" аталыштагы көргөзмөсү ачылды"Аврора" пансионаты боюнча камалган шектүүлөрдүн бири ооруканага түшкөнү айтылууда"Кызымды колдон колго өткөрүшкөн". Милиция кызматкерлери секелекти зордуктоого шек саналуудаUniversal Pictures Орусиядагы ишин биротоло токтотот