Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:42

Universal Pictures Орусиядагы ишин биротоло токтотот


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Universal Pictures кинокомпаниясы Орусиядагы ишин биротоло токтотууну чечкенин "Кинопрокатчынын бюллетени" деген аталыштагы Телеграм-канал өз булагына шилтеме кылып жарыялады.

Компания Орусиядагы кеңсесин жаап, өлкөдөгү ишмердүүлүгүн токтотору тууралуу өзү кызматташкан бир катар кинотеатрларга кабарлаган. Буга чет элдик мекемелер дуушар болуп жаткан кыйынчылыктар себеп экени айтылган.

Орусия Украинага кол салгандан кийин, март айында Disney, Warner Brothers жана Sony кинокомпаниялары Орусияга тасмаларын сатууну токтоткон.

1-июлда төлөм системаларынын коопсуздук модулдарын чыгырган Thales, компаниясы Орусиядан кетип жатканы белгилүү болду. Ишкана Орусиядагы 20 банкта кардарлардын маалыматын коргоп келген.

Орусия Украинага 24-февралда кол салгандан бери согуш уланууда. Эки тараптуу дипломатиялык сүйлөшүүлөр азырынча жыйынтык бере элек.
Бул аралыкта жүздөгөн чет элдик корпорациялар жана бренддер Орусиядан чыгып кетти.

XS
SM
MD
LG