Universal Pictures Орусиядагы ишин биротоло токтотот

Иллюстрациялык сүрөт.

Universal Pictures кинокомпаниясы Орусиядагы ишин биротоло токтотууну чечкенин "Кинопрокатчынын бюллетени" деген аталыштагы Телеграм-канал өз булагына шилтеме кылып жарыялады.

Компания Орусиядагы кеңсесин жаап, өлкөдөгү ишмердүүлүгүн токтотору тууралуу өзү кызматташкан бир катар кинотеатрларга кабарлаган. Буга чет элдик мекемелер дуушар болуп жаткан кыйынчылыктар себеп экени айтылган.

Орусия Украинага кол салгандан кийин, март айында Disney, Warner Brothers жана Sony кинокомпаниялары Орусияга тасмаларын сатууну токтоткон.

1-июлда төлөм системаларынын коопсуздук модулдарын чыгырган Thales, компаниясы Орусиядан кетип жатканы белгилүү болду. Ишкана Орусиядагы 20 банкта кардарлардын маалыматын коргоп келген.

Орусия Украинага 24-февралда кол салгандан бери согуш уланууда. Эки тараптуу дипломатиялык сүйлөшүүлөр азырынча жыйынтык бере элек.
Бул аралыкта жүздөгөн чет элдик корпорациялар жана бренддер Орусиядан чыгып кетти.

Дагы караңыз

Саясатчы Равшан Жээнбеков сурактан чыктыӨзбек бийлиги Каракалпакстандагы митинг боюнча үн каттыСанкцияга кабылган өзбек фирмасы, Казакстанда кумшекер таңкыс