Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:35

Санкцияга кабылган өзбек фирмасы, Казакстанда кумшекер таңкыс


Казакстандагы дүкөн
Казакстандагы дүкөн

АКШ "орусиялыктарга жардам берген" деп өзбекстандык фирмага санкция салды. Казакстанда кумшекер тартыш болууда. Макрон менен Путиндин жаздырылган сүйлөшүүсү. Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама.

Макрон менен Путиндин жаздырылган сүйлөшүүсү

Le Monde гезити "Париж Москва сыяктуу эле дипломатиялык купуя сырды ачыкка чыгарууну - таасир этүүнүн куралына айландырды" деген мазмундагы макала жарыялады.

Путин менен Макрон. Москва, 2022-жылдын 7-февралы.
Путин менен Макрон. Москва, 2022-жылдын 7-февралы.

Макаланын авторлору "Франциянын президенти Эммануэл Макрон орус мамлекет башчысы Владимир Путин менен мамилеге келгенде ошондой ыкмага ыктайт" деген пикирин ортого салат. Кеп эки лидердин Москва Украинага басып кирердин алдындагы, 20-февралда болгон сүйлөшүүсүнүн айланасында жүрөт.

Маалыматка караганда, француз мамлекет башчысынын ишмердигине арналган документалдуу тасманын автору Ги Лагашка президенттердин бир жарым сааттык маектешүүсүн жаздырууга уруксат берилген. 30-июнда France 2 телеканалында “Президент, Европа жана согуш” деген тасма көрсөтүлдү. Анын үзүндүлөрү буга чейин эле бир нече медиага чыгып кеткен. "РИА Новости" агенттиги “француздар дипломатиялык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнүн жол-жоболорун көптөн бери бузууда” деп билдирген.

Сөз болгон сүйлөшүүдө Макрон Путинди Женевада америкалык президент Жо Байден менен жолугушууга көндүрүүгө аракет кылат. Тасмада тартууланган ошол сүйлөшүүнүн 9 мүнөттүк бөлүгүндө Путин "украин өкмөтү демократиялык жол менен шайланган эмес”, бийликке кандуу мамлекеттик төңкөрүш аркылуу келген” деп айткан.

Макрондун дипломатиялык кеңешчиси Эммануэл Бонн Путин бир нече убада бергенде “дайыма калп айтат” деп комментарийлеген.

"Путин аны жаздырып алышканынан кабардар беле? деген суроого Лагаш: Муну Елисей сарайынан (француз президентинин администрациясы) сураш керек", - деген жооп узатты" деп улантат гезит.

Макалада буга чейин да ортодо ушул өңдүү окуялар болгонун, Макрон менен Путиндин орус оппозиционери Алексей Навальный тууралуу сүйлөшүүсүнүн айрым жерлери ачыкка чыгып кеткени айтылат.

Андан тышкары орус Тышкы иштер министрлигинин сайтына Сергей Лавров менен Франция жана Германиянын тышкы саясий мекемелеринин ошол кездеги жетекчилеринин кат алышуусунун бир бөлүгү жарыяланып кеткен. Анда тараптар Минск келишимин талкуулашкан.

Орусия Украинага кол сала электе, 7-февралда француз президенти согуштун алдын алуунун аракетинде Москвага барган. Ошондо да Кремл "ал визиттин жыйынтыктары бурмаланган" деген кыжырдануусун жашырган эмес.

Кеп Мамлекеттик думадагы коммунисттердин Донбасстагы жикчил аймактарды таануу сунушу тууралуу жүргөн. Макрон "Путин өз алдынча ал маселени чечпейбиз "деп ишендиргенин расмий билдирген. Кремл анын сөздөрүн четке кагып, 21-февралда Орусия ошол аймактардын көз карандысыздыгын тааныган эле.

Кыйыр санкцияга туш болгон өзбек фирмасы

Eurasianet АКШ Орусияга санкцияларды кыйгап өтүүгө берген жардамы үчүн өзбекстандык фирманы “кара тизмеге” киргизгенинин чоо-жайына токтолду. Жоанна Лиллистин 29-июнда жарык көргөн макаласында айтылгандай, Вашингтон санкция салынган орусиялык компания менен кызматташууну "ошол жазалоочу чаралардан качып кутулууга көмөктөшүүгө тете" деп эсептейт.

Ташкент.
Ташкент.

Журналист муну "инвесторлорду тартууга аракеттенген Ташкенттин аброюна урулган сокку" деп сыпаттайт. Мамлекеттик департаменттин 29-июндагы билдирүүсүндө, алар орусиялык "Радиоавтоматика" компаниясын америкалык санкциялардан кыйгап өтүү аракетин активдүү колдогон" деп белгиленет.

Орусиянын коргонуу өнөр жайы үчүн чет өлкөлүк товарларды ташыган "Радиоавтоматика" компаниясы март айында "кара тизмге" илинген. Мамдеп өзбекстандык компания орусиялыктарга микросхемаларды, башка электрондук бөлүкчөлөрдү жөнөтүп турганын жазат.

Макалада айтылгандай, эми "Промкомплектлогистика" АКШнын финансылык системасынан пайдалана албайт, компаниянын ал өлкөдөгү активдерин убактылуу колдонууга болбойт, америкалык компанияларга алар менен кызматташууга тыюу салынат.

Журналист фирманын Ташкенттеги кеңсесине кайрылганда кызматкерлердин бири жазалоочу чаралардан кабардар эместигин айтып, комментарийден баш тартканын жазды.

Автор бир нече күн мурун эле санкциялардан улам орусиялык ири банктын өзбек банкын сатып алуу макулдашуусу үзгүлтүккө учураганын эске салат.

Аягында Мамлекеттик департаменттин билдирүүсүнөн дагы бир шилтеме келтирилет.

"Бул чечим башкаларга эскертүү болууга тийиш, "кара тизмеге" кирген уюмдар же адамдар менен кызматташуу менен өзүңөр да санкцияларга туш болушуңар мүмкүн", - деп эскертет АКШнын тышкы саясий мекемеси.

Кумшекер сатууга чектөө

Deutsche welle 30-июнда жарык көргөн макаласында, Казакстандагы шекер таңкыстыгы жана кымбатташына кайрылган.

Маалыматка караганда, Казакстан мартта Орусия согушка байланыштуу салынган санкциялардан улам ички рыногун коргоо максатында шекерди 31-августка чейин экспортоого тыюу салган. Бирок ошондон бери Казакстанда бул азык тартыш боло баштады. Расмий статистикага ылайык, былтыр ал өлкө импорттогон шекердин 55 пайызы Орусияга туура келген. Андан тышкары Беларус, Украина, Индия, Бразилия жана Мексикадан алып турган. Калган 40 пайызын өзү өндүргөн. Андыктан орус бийлигинин чечими рынокко дароо таасир этти.

Макала автору кумшекер иш жүзүндө дефицит болуп калганын, кырдаал 1980-жылдарды эске саларын жазат. Ал кезде да бир кишиге 5 килограммдан ашык шекер сатылчу эмес.

Deutsche welle кабарчысы Казакстандагы бир нече ири соода түйүндөрүн кыдырып, абал менен бааларга кызыгып келген. Анын айтымында, айрымдарында рафинад гана бар болуп чыкты. Кумшекер дүкөнгө түшөрү менен талап кетишет экен. Баалар ай санап өсүүдө.

Андан ары баяндалгандай, бийлик төрт ай бою маселе бар экенин моюнга албай келди, жергиликтүү маалымат каражатттарынын суроолоруна “шекердин запастары бар, жайдын аягына чейин жетет” деген жооп кайтарып жатышты. Кээ бир региондордон таңсыктык тууралуу кабарлар түшө баштаганда гана соода жана интеграция министри Бахыт Султанов Бразилия, Индия жана Вьетнамдан 100 миң тонна кумшекер алуу боюнча сүйлөшүүлөрү жүрүп жатканын билдирген.

Кабарчы сөзгө тарткан мурдагы аткаминерлердин бири "өлкө Бажы биримдигине киргенде өзүн туңгуюкка такаган" деген пикири менен бөлүшкөн.

Ал эми экономист Арман Бейсембаев бааларды кармап туруу туура эмес кадам болгонуна көңүл бурат. "Кымбаттаган сайын талап азаймак" деген эксперт.

Ошол эле маалда "Январь окуяларынан кийин коомдо ансыз да чыңалуу бар экенин эске алганда, мындай популярдуу эмес кадам саясий жактан кооптуу болмок" деп эсептейт.

Макала автору кумшекердин кымбатташы жергиликтүү таттуу чыгаруучуларга да залакасын тийгизгенин белгилейт.

"Июлдун ортосуна чейин Чымкенттеги кондитердик фабрика жабылды. Алматыда момпосуй чыгарылбай калды, балмуздак, йогурттун ассортименти да кыйла кыскарды. Мындан улам дүкөндөрдө жалаң орусиялык, кымбат продукцияны көрсө болот" - деп жазат Deutsche welle.

XS
SM
MD
LG