Ош – Ысык-Көл аба каттамы жанданды

Ысык-Көл.

Быйылкы жайкы сезондо Оштон Ысык-Көлгө каттаган алгачкы учак бүгүн 1-июлда Тамчы айылындагы «Ысык-Көл» эл аралык аэропортуна конгонун "Манас" аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн Оштон 100 жүргүнчү көлгө учуп барды, 96 жүргүнчү Ошко учуп кетти.

“Тез Жет” компаниясы Ош-Тамчы-Ош каттамы боюнча ишембиден тышкары башка күндөрү күн сайын каттап турары маалымдалды.

Бул аба каттамы 2015-жылы июль айында башталган. Ошондон бери жыл сайын жайкы туристтик сезон учурунда - июнь-сентябрь айларында иштейт. (RK)

Дагы караңыз

Жалал-Абадда тез татымдын тамагына дагы 13 адам ууландыБишкектин мурдагы башкы архитектору кармалдыТажикстанда "Комиссия 44түн" мүчөлөрү соттолду«Талибандын» лидери алгачкы ирет Кабулдагы жыйынга катышты