Өзбекстанда түрмөдөн чыккандарга 845 доллар берилет

Иллюстрациялык сүрөт.

Өзбекстанда түрмөдөн жазасын өтөп чыккандарга мамлекет материалдык жардам көрсөтөт. Тиешелүү токтомго президент Шавкат Мирзиёев кол койгонун Юстиция министрлиги билдирди.

Документке ылайык, социалдык-материалдык жардам жабык жайдан чыккан адамдын кадимки жашоого аралашып кетишине көмөк көрсөтүүгө багытталган.

Ал 845 доллар өлчөмүндөгү каражатты өзүнүн бизнесин түптөп, өнүктүрүп кетүүгө сарпташы зарыл.

Бул сумманы кимге беришти атайын түзүлгөн комиссия чечет. Ал үчүн каалоочулар бизнес-пландын долбоорун үч ай ичинде тапшырышы зарыл. Комиссия арыз жазган адамдын материалдык абалына жана социалдык макамына жараша каражат бөлүү тууралуу чечим кабыл алат.

World Prison Brief рейтингине ылайык, Өзбекстанда түрмөлөрдө 22,8 миңдей адам жазасын өтөп жатат.

Дагы караңыз

ДСУ Кыргызстанга инсулин жеткирип бердиКазакстан Африка мамлекеттерине тынчтыкты орнотуучу күчтөрүн жиберетШайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча мекеме аралык топ түзүлдү Укук коргоочулар: Иранда он айыпталуучу жашыруун дарга асылды