Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:32

ДСУ Кыргызстанга инсулин жеткирип берди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанга гуманитардык жардам аркылуу инсулин жеткирилди. Бул маалыматты 1-июлда “Азаттык” радиосуна Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы тастыктап, жардам Дүйнөлүк саламаттык уюмунан келгенин билдирди.

Азырынча анча көп эмес партия келгени, бирок жакында дагы жеткирилери, андыктан инсулин менен камсыздоо үзгүлтүккө учурабай турганы маалымдалды.

Инсулин менен камсыз кылуу быйыл февраль айында тендер үзгүлтүккө учурагандыктан кармалып, көйгөй жаралган.

Кант диабетинен жабыркагандар үчүн инсулин түгөнүп бара жатканы тууралуу маселе Жогорку Кеңеште да көтөрүлгөн. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматында, Кыргызстанда кант диабети менен расмий каттоодо 60 миңдей адам турат, бул сан үч-төрт эсе көп болушу ыктымал. (RK)

XS
SM
MD
LG