Ошто каналдан бир кишинин сөөгү табылды

Ош-Араван каналы. Архив

Ош шаардык милициясы 1-июлда Ош-Араван каналынан дагы бир жарандын сөөгү табылганын "Азаттыкка" билдирди. Шаардык ички иштер башкармалыгы маркум Кадамжай районунун 1995-жылы туулган тургуну А. уулу Б. экенин кабарлады.

“Маркум акыркы жолу мындан бир күн мурда Ак-Буура дарыясынын жээгинен жансыз денеси табылган Ш. к А. аттуу кыз менен бирге жүргөн", - деп айтылат милициянын маалыматында.

30-июнда Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясынын жээгинен Ош мамлекеттик университетинин медициналык коллежинин 2-курсунун студентинин сөөгү табылган. Маркумдун денесинде көгала тактар болгон. Милиция кыздын зомбулукка кабылып-кабылбаганы экспертизанын жыйыныгы менен аныкталарын билдирген.

Маркумдун жакындары азырынча комментарий бере элек.

Ушул жылдын 8-февралында да Ош шаарындагы медицина факультетинде окуган студент кыздын сөөгү табылган. Шектүү катары аны менен окуу жайда чогуу окуган жигит кармалган.(JsA)

Дагы караңыз

“Эмгек сиңирген ишкерлерге” өзгөчө макам жана кызматтык паспорт берилетАба ырайы: Жаан жаабайтКөл жээгинде жапырт мушташка себепкер болгон жаран эки айга камалды