АКШ Европадагы аскердик күчтөрүн бекемдейт

Кошмо Штаттардын президенти Жо Байден менен НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг. Мадрид. 29-июнь, 2022-жыл.

Кошмо Штаттардын президенти Жо Байден менен НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг. Мадрид. 29-июнь, 2022-жыл.

АКШ Европадагы күчтөрүн бекемдеп, бул чөлкөмдөгү өнөктөш өлкөлөргө кошумча аскердик техника жөнөтөт. Бул тууралуу Кошмо Штаттардын президенти Жо Байден 29-июнда НАТОнун Мадриддеги саммитинин алкагында аскердик альянстын баш катчысы Йенс Столтенберг менен жолугушуусунда билдирди.

Анын айтымында, Испаниянын Рота шаарындагы америкалык аскердик кемелердин саны төрттөн алтыга көбөйөт. Польшада АКШ армиясынын 5-корпусунун туруктуу баш кеңсеси ачылат. Ошондой эле маал-маалы менен курамы алмашып туруучу бригада Румынияга жөнөтүлөт. Байден билдиргендей, бул бригаданын 3 миңдей жоокери жана 2 миң аскерден турган согуштук тобу болот.

"Биз Балтика өлкөлөрүндөгү алмашып туруучу күчтөрүбүздү бекемдейбиз жана кошумча F-35 эскадрильяларын Британияга жөнөтөбүз. Ошондой эле Германия менен Италияга кошумча абадан коргонуу системасын жана башка жабдыктарды жайгаштырабыз", - деди Байден.

Ал Орусия Европадагы тынчтыкка шек келтирип жатканын, НАТО уюму жердеги, асмандагы жана деңиздеги бардык коркунучтарга даяр экенин кошумчалады.

Москва 24-февралда Украинага кол салгандан кийин НАТО Европанын чыгышындагы өнөктөш өлкөлөрдөгү аскердик күчтөрүн бекемдөөгө киришкен.

Дагы караңыз

Акылбек Жапаров: 2023-жылы бюджетти 500 млрд. сомго жеткиребиз  Майлуу-Суу лампа заводу кайра өкмөттүн колуна өттүАкылбек Жапаров: карызды төлөй албасак айрым объектилерди башкаруу бөлөк бирөөнүн колуна өтөт Николаевде орус күчтөрүнүн чабуулунан кеминде үч киши өлдүОрусия президенти Путин Тажикстандан кийин Түркмөнстанга бардыКойчиев Түрк мамлекеттер уюмунун баш катчысына орун басар болду