Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:57

Акылбек Жапаров: 2023-жылы бюджетти 500 млрд. сомго жеткиребиз  


Министрлер кабинетинин отчету.
Министрлер кабинетинин отчету.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров парламентте өкмөттүн алты айда жасаган иштери боюнча отчетун берип жатып, өлкө экономикасында жылыш бар экенин билдирди. Ал 2021-жылдын консолидацияланган бюджетин ашыгы менен аткарганын айтып, кийинки жылдарга божомолдорун санады.

“2021-жылдын консолидацияланган бюджети 280 млрд. деп пландалган. Бирок фискалдык саясаттын натыйжасында 312 млрд. сомду түздү. Өлкөнүн 2022-жылга консолидацияланган бюджети 403,9 млрд. сом деп бекитилген. Биз бюджетке акча түшүрүүнү улантып, 2023-жылы 500 млрд. сомго, 2024-жылы 600 млрд. сомго киреше-чыгашабызды жеткиребиз деп турабыз”, - деди Жапаров.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров казынаны кыйгап өткөн салыктар менен күрөшүүнүн натыйжасында экономика калыбына келип жатканын белгиледи. Ал айрым мамлекеттик кызматкерлердин айлыгы жогорулаганын айтты.

Жакында эле Дүйнөлүк банктын жаңыланган баяндамасы жарыяланды. Документте дүйнөдөгү соңку кырдаалга байланыштуу Кыргызстандын экономикасы 2022-жылы беш пайызга төмөндөп, инфляция 15% жогорулашы мүмкүн экени жазылган.

Кыргызстандын экономикасына Украинадагы согуштун дагы таасири тийди. Өлкөдө доллардын куну туруктуу кармалбай, Кыргызстанда ун, кумшекер жана өсүмдүк майынын баасы жогорулаган. Өкмөт антикризистик иш-чаралардын планын бекиткен. (TSh)

XS
SM
MD
LG