Орусия президенти Путин Тажикстандан кийин Түркмөнстанга барды

Орус президенти Владимир Путин менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон. 28-июнь, 2022-жыл.

Орусиянын президенти Владимир Путин Тажикстандагы сапарынан кийин Түркмөнстанга барды. Кремлдин сайты 29-июнда билдиргендей, Путин Ашхабадда Каспий саммитине катышып, эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Буга чейин саммитке Азербайжандын, Казакстандын, Ирандын жана Түркмөнстандын лидерлери да катышары кабарланган.

Бир күн мурда Путин орус күчтөрү Украинага басып киргенден бери биринчи жолу Орусиянын аймагынан чыгып, Тажикстанга барган. Ал Дүйшөмбүдө тажик президенти Эмомали Рахмон менен жекеме-жеке сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Сүйлөшүүлөрдүн журналисттер үчүн ачык бөлүгүндө Рахмон соңку беш ай ичинде Тажикстандын Орусия менен соода жүгүртүүсү дээрлик 50% өскөнүн, башка тармактарда да кызматташтык илгерилеп жатканын айтты.

"Өзгөчө биздин өлкөлөрүбүздүн коопсуздук тармагындагы жакын кызматташтыгын баса белгилегим келет. Сиз менен мамилебиздин келечегин, ошондой эле Ооганстандагы кырдаалга басым жасоо менен эл аралык жана регионалдык маселелерди талкуулоого даярмын", - деп билдирди Рахмон.

Тажикстандагы сүйлөшүүлөрдөкандай чечим кабыл алынганы так айтылган жок. Буга чейин тажик президентинин басма сөз катчысы Абдуфаттох Шарифзода Путиндин Дүйшөмбүдөгү 2019-жылдан бери биринчи сапарында эч кандай документке кол коюлбай турганын айткан.

Жакында бийликти атасынан өткөрүп алган түркмөн президенти Сердар Бердымухамедов кызматка киришкенден кийинки алгачкы чет өлкөлүк сапарын Москвага жасаган.

Дагы караңыз

Николаевде орус күчтөрүнүн чабуулунан кеминде үч киши өлдүКойчиев Түрк мамлекеттер уюмунун баш катчысына орун басар болдуКөл жээгиндеги мушташ боюнча 18 адам кармалдыНАТО Швеция менен Финляндияны уюмга расмий чакырганы жататДашковдун коррупцияга айыпталган уулу үй камагына чыктыАдвокат Next TV директоруна дагы бир айып тагылганын билдирди