Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:12

Адвокат Next TV директоруна дагы бир айып тагылганын билдирди


Таалайбек  Дүйшөмбиев.
Таалайбек  Дүйшөмбиев.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) бүгүн 29-июнда Next TV телеканалынын ишинин алкагында директору Таалайбек Дүйшөмбиевге “улут аралык кастыкты козутуу” боюнча дагы бир айып такканын анын адвокаты Тимур Султанов билдирди.

Султановдун айтымында, айып быйыл 3-мартта телеканалдын “Инстаграмдагы” баракчасына маалымат жарыялоо фактысына байланыштуу тагылды.

“Тергөө органдары психологиялык-лингвистикалык экспертиза жүргүзүштү. Жыйынтыгында алар бүгүн экинчи эпизод - дагы бир маалымат боюнча айып тагышты. Таалайбек Дүйшөмбиев да, биз - жактоочу тарап да буга макул эмеспиз. Муну абсурд жана мыйзамсыз деп эсептейбиз”, - деди адвокат.

УКМК бул тууралуу азырынча расмий маалымат бере элек.

Султанов Дүйшөмбиев эч кандай мыйзам бузбаганын, ал мыйзам алдында таза экенин далилдөө үчүн бардык чаралар көрүлөрүн кошумчалады.

28-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен Дүйшөмбиевдин бөгөт чарасы дагы узартылып, ал УКМКнын өтүнүчү менен 3-августка чейин камакта калтырылган.

Атайын кызмат быйыл 3-мартта Next TV телеканалына каршы "улут аралык кастыкты козутуу" деген айып менен иш козгоп, директорун камакка алган, телеканалдын эфири үзгүлтүккө учураган. Тергөөнүн пикиринде, телеканал Кыргызстан Орусияга Украина боюнча жардам бере турганы жөнүндө такталбаган маалыматты жарыялаган. Каналдын жетекчилиги жабылуусун көз каранды эмес эл аралык маалымат каражаттарынын берүүлөрүн чыгарып келгени менен байланыштырган.

Медиа коомчулук телеканалдын жабылышын сөз эркиндигине кысым деп бааласа, президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев такталбаган маалыматты таратууда этияттыкты сактоо жана стандарттарды кармануу керектигин билдирген.

Next TV жетекчилиги телеканалдын ишине тоскоолдук жаратып жатышканын айтып, муну көз каранды эмес эл аралык маалымат каражаттарына эфирин берип жатканы менен байланыштырууда.(RK)

XS
SM
MD
LG