Украинанын түштүгүндөгү Николаев шаарында орус күчтөрүнүн 29-июндагы аба соккуларынан кеминде үч кишинин өмүрү кыйылды. Мэр Александр Сенкевичтин айтымында, шаарга Орусиянын сегиз ракетасы түшкөн. Алардын айрымдары жайкын тургундар жашаган көп кабаттуу үйгө да тийген.
Интернетке тараган сүрөттөрдөн төрт кабаттуу үйдүн үстүнкү бөлүгү жарым-жартылай талкаланганын, имараттан түтүн чыгып жатканын көрүүгө болот.
Орусиянын Коргоо министрлиги Николаев шаарынын жанындагы чет өлкөлүк аскерлердин машыгуу базасына сокку урулганын билдирди.
Николаев - Кара деңизге куйган дарыянын жээгинде жайгашкан порт шаар. Бул калаадагы жоокерлер Одессаны көздөй жылууну көздөгөн орус армиясына катуу каршылык көрсөтүп келет.
Эки күн мурда орус күчтөрүнүн Украинанын Кременчуг шаарындагы соода жайына урулган соккусунан кеминде 18 киши мерт болуп, ондогон тургундун дайыны чыкпай жатат.