Херсондо Орусияга кошулуу боюнча референдумга даярдык жүрүп жатат

Украинанын Херсон шаары.

Украинанын Херсон облусундагы орус күчтөрү ээлеп алган аймактарда Орусияга кошулуу боюнча референдумга даярдык көрүлө баштаганы белгилүү болду. Бул тууралуу Херсон облусунун Москванын жардамы менен дайындалган жетекчилеринин бири, жергиликтүү орусиячыл администрациянын башчысынын орун басары Кирилл Стремоусов Телеграм аркылуу билдирди.

"Биз референдумга даярданып жатабыз. Биз аны өткөрөбүз. Херсон облусу чечим кабыл алат жана Орусияга кошулуп, анын толук субъектине айланат", - деди Стремоусов.

Херсондогу орусиячыл жетекчилер мындай референдум качан өтөрүн так айтыша элек. Бирок буга чейин Стремоусов добуш берүү күзүндө өтүшү мүмкүндүгүн билдирген.

Буга чейин Киев Херсон сыяктуу орус күчтөрү басып алган аймактардагы бир дагы добуш берүүнүн мыйзамдык күчү жок экенин, бул региондор Украинанын территориясы экенин билдирген.

2014-жылы Москва Украинанын Крым жарым аралын Орусиянын бир бөлүгү деп жарыялап, буга аймакта өткөрүлгөн, эл аралык коомчулук тааныбаган референдумду жүйө келтирген.

Быйыл 21-февралда Москва Украинанын чыгышындагы өздөрүн "Луганск элдик республикасы" жана "Донецк элдик республикасы" деп атап алган жикчил түзүмдөрдүн көз карандысыздыгын тааныган. Мындай чечим эл аралык коомчулуктун сынына кабылган.

Дагы караңыз

Орусиянын күчтөрү Лисичанск шаарын курчоого аракет кылуудаСурамжылоо: Жумушсуздук жана баалардын жогорулашы негизги көйгөй деп аталдыАдвокат Next TV директоруна дагы бир айып тагылганын билдирди Next TV директору Таалайбек Дүйшөмбиевдин камак мөөнөтү узартылдыПарламентте мүлктү легалдаштыруу мыйзам долбооруна добуш берүүдө чыр чыкты30-июндун аба ырайы