30-июнда Кыргызстандын аймагында түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолорунда, Талас облусунун тоолуу аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт, Жалал-Абад облусунун өрөөнүндө, Талас облусунун дыйканчылык аймактарында жана Ош, Баткен облустарында жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 20...25, күндүз 33…38;
Талас жергесинде түнкүсүн 17...22, күндүз 31…36;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 20…25, күндүз 35…40;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 12...17, күндүз 26...31;
Нарын облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 26…31;
Бийик тоолордо түнкүсүн 0…5, күндүз 12…17 градус.
Бишкекте түнкүсүн жана күндүз жаан-чачын жаабайт, кечинде өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 23…25, күндүз 36…38 градус болот.
Дагы караңыз
Сурамжылоо: Жумушсуздук жана баалардын жогорулашы негизги көйгөй деп аталдыАдвокат Next TV директоруна дагы бир айып тагылганын билдирди Next TV директору Таалайбек Дүйшөмбиевдин камак мөөнөтү узартылдыПарламентте мүлктү легалдаштыруу мыйзам долбооруна добуш берүүдө чыр чыкты