Торугарт – Макмал – Жалал-Абад темир жолунун ТЭОсу жыл аягында даяр болот

Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн, 28-июнда Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолун куруу долбоору боюнча жумушчу кеңешме өттү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлагандай, жыйында транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Осоев темир жолдун курулушу боюнча маалымат берди. Ал Торугарт – Макмал – Жалал-Абад каттамы боюнча жайгаша турган жолдун курулушунун алдын ала маршрутун белгилеп, долбоордун тиешелүү техникалык-экономикалык негиздемеси ушул жылдын соңунда даяр болорун билдирген.

Өткөн айда Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушун 2022-жылдын күзүндө баштоо пландалып жатканын билдирген. Ал муну "Кыргызстандын тарыхындагы эң чоң долбоор" деп атап, аны колдоого чакырган.

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу демилгеси 2000-жылдардын башында айтылып, бирок андан бери ал ишке ашпай келет.

Дагы караңыз "Эки багыт бар". Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу кантип курулат?

2017-жылы Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан жолун куруу боюнча үч тараптуу жумушчу топ түзүлүп, долбоорду ишке ашыруунун үч түрдүү варианты каралып жатканы маалымдалган. Орусия бул долбоор боюнча позициясын расмий эч жерде жарыялаган эмес.

Май айынын соңунда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушун баштоо жөнүндө Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин менен сүйлөшкөнүн “Кабар” маалымат агентигине курган маегинде айткан. (КЕ)

Дагы караңыз

Ошто жер маселесине байланыштуу митинг өттүБаткенде медициналык дарылоо жана окуу борборунун курулушу башталдыЖК комитети акыйкатчыга нааразылардын арызын кийинки жыйында карайтТехас штатында фурадан 46 мигранттын сөөгү табылды