Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:15

Техас штатында фурадан 46 мигранттын сөөгү табылды


Сан-Антонио. 27-июнь 2022-жыл
Сан-Антонио. 27-июнь 2022-жыл

АКШнын Техас штатындагы Сан-Антонио шаарынын четинде жолдун боюна калтырылган фурада 46 кишинин, болжолу менен мигранттардын сөөгү табылды. Расмий өкүлдөр бул – адам аткезчилигине байланышкан Америкадагы эң чоң трагедия деп сыпатташат.

Дагы 16 киши, арасында төрт жеткинчек ооруканага жеткирилди. Маалыматка караганда, алар көпкө ысыкта отуруп жабыркаган, организмине суу жетпей калган. Климаты ысык аймакта дүйшөмбүдө абанын температурасы 39 градустан ашкан.

АКШ менен Мексиканын чек арасынан 250 чакырым алыстагы Сан-Антонио адам аткезчилеринин негизги маршрутарынын бирине айланган.

Буга чейин да ал жакта ушул өңдүү окуялар болуп келген. 2017-жылы дүкөндүн жанындагы унаа токтоткон жайдан трактордун прицебинен он иммигранттын сөөгү табылган.

Акыркы айларда эки өлкөнүн чек арасынан мыйзамсыз өткөн мигранттар көбөйгөндүктөн АКШ президентинин миграция саясаты өлкө ичинде сынга кабылды.

XS
SM
MD
LG