Бишкекте поезд коюп кеткен бала каза болду

Архивдик сүрөт.

Бишкекте поезд коюп кеткен 18 жаштагы бала ооруканада каза болду. Бул тууралуу Бишкектин Свердлов райондук ички иштер бөлүмү кабарлады.

Маалыматка ылайык, бала поезддин сигналын укпай койгон. Машинисттин поездди токтотууга кылган аракетинен майнап чыккан эмес. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Бишкекте поезд тебелеп кеткен учурлар маал-маалы менен катталат. 2021-жылы декабрь айында Чыңгыз Айтматов проспектиси менен Лев Толстой көчөсүнүн кесилишине жакын жердеги темир жолдо пакистандык студентти тепловоз коюп кетип каза болгон. Пакистандын элчилиги Министрлер кабинетин бул окуяны тез арада иликтеп, жарандын өлүмүнүн себебин айтууга чакырган. (TSh)

Дагы караңыз

Базар баасына көзөмөлдү күчөткөн мыйзам долбоору сунушталдыПрокуратура “Манас Ордодо” 20,5 млн. сом негизсиз чыгым болгонун билдирдиОктябрь окуясы боюнча сот: ИИМ кызматкерлери сурак бердиБаткендеги маданият жана спорт объектилери республикалык бюджеттен каржыланат