Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:34

Октябрь окуясы боюнча сот: ИИМ кызматкерлери сурак берди


Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Фарид Ниязов (солдо), жансакчысы Канат Сагынбаев (оңдо).
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Фарид Ниязов (солдо), жансакчысы Канат Сагынбаев (оңдо).

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Октябрь окуясы боюнча соттук отурум өтүп жатат.

28-июндагы соттук жараянда тергөөдө жабырлануучу катары өткөн Ички иштер министрлигинин (ИИМ) төрт кызматкери сурак берди. Алар Октябрь окуясындагы башаламандык учурунда ден соолугунан ар кандай жараат алганын, ушул тапта ар бир алты ай сайын медициналык кароодон өтүп турарын айтышты.

Жабырлануучулар бул иш боюнча айыпталып жаткандарга эч кандай дооматы жок экенин билдиришти.

Октябрь окуясына байланыштуу жети саясатчыга айып тагылган. Алар: мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, анын кеңешчиси Фарид Ниязов, жансакчысы Канат Сагынбаев, Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбеков, ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов, “Туран” партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов жана саясатчы Өмүрбек Бабанов. Бабановдун иши өзүнчө бөлүнүп тергелди.

28-июндагы сотко Атамбаев менен Бабановдон башка бардык шектүүлөр катышып жатат.

2020-жылдын 5-6-9-октябрындагы жапырт башаламандык боюнча баштапкы соттук угуу былтыр октябрь айында башталган. Айыпталуучулар Октябрь окуясы боюнча кылмыш ишинде саясий өңүт бар экенин айтып келишет. (BTo)

XS
SM
MD
LG