Кыргызстан Евразия өнүктүрүү банкы берген 3 млн. доллар грантка 70 санитардык автотранспорт, 40 реанимобиль сатып алууну пландап жатат.
Тиешелүү мыйзам долбоору парламенттин Социалдык саясат боюнча комитетинин 27-июндагы жыйынында ратификациядан өттү. Отурумда саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков маалымат берди.
“Гранттын 1 млн. долларына 70 санитардык автотранспорт алынат. Анын ар бирине орто эсеп менен 14 285 доллардан каралган. Алар тоолуу райондорго берилсе жакшы болмок. Анткени региондордогу техникалар эскирип, абалы начарлап атат. Калган 2 млн. долларга 40 реанимобиль алабыз. Анын ар бири 50 миң доллардан болот”.
Жаркынбек Касымбековдун сөзү боюнча, Бишкекте 500-600 миң адам жашаган учурда аларды 60 бригада тейлеп турган. Ушул тапта борбордо миллиондон көп киши бар. Бирок 45-50 гана бригада иштейт.
3 млн. доллар грантты Евразия өнүктүрүү банкы Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду аркылуу берет. (BTo)
Дагы караңыз
Кыргызстандык эки балбан жаштар арасында Азия чемпиону болдуЧүйдүн дыйкандары сугат суу жетпей жатканын айтып акцияга чыктыКазакпаев менен Асанбаевдин өлүмүн иликтеген комиссияга мурдагы акыйкатчыны угуу сунушталдыКыргызстанда ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 200 миң адам барТоолуу Бадахшанда интернет калыбына келтирилгени кабарланды Кудук казып жатып үч киши каза болуп, экөө ооруканага түштү