Саясат таануучу Марат Казакпаев менен “Айыл банктын” төрагасынын мурдагы орун басары Бакыт Асанбаевдин өлүмүн иликтеген комиссия Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин тергөө абагынын ичиндеги тасмаларды көрүп чыкты. Бул тууралуу бул комиссиянын жетекчиси, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов 23-июнда “Азаттыкка” билдирди.
Байсалов бул иш боюнча дагы эки жумадай иш жүрөрүн, каза болгондордун комиссияга кирген жакындары да байкоочу тасмаларды көрүшкөнүн кабарлады.
“Биз эки өлүм боюнча маркумдардын жанында акыркы чогуу болгондор менен сүйлөштүк жана тасмаларды көрдүк. Азырынча комиссиянын толук жыйынтыгы чыга элек. Медициналык экспертизанын да жыйынтыгын күтөбүз. Бизден тышкары бул иш боюнча тергөө өз алдынча жүрүп жатат. Азырынча биз көргөн тасмада Бакыт Асанбаев өз жанын кыйганы көрүнүп турат. Бирок мен комиссиянын жыйынтыгына чейинки эле көргөнүмдү айттым”, - деди Байсалов.
Дагы караңыз Он күндө эки өлүм: комиссия Ташиевди укту44 жаштагы Асанбаев 18-июнда түнкү саат бирге жакын атайын кызматтын тергөө абагында асынып турган абалда табылганы кабарланган. Ал коррупцияга шек саналып 30-апрелден бери камакта отурган.
56 жаштагы Казакпаев 9-июнда УКМКнын абагынан ооруканага эс-учун жоготкон абалда которулуп, эртеси көз жумган. Ал былтыр апрелде "мамлекетке чыккынчылык кылган" деген шек менен кармалган.
Маркумдардын жакындары бир катар дооматтарды айтып чыккан. Президент Садыр Жапаров Казакпаев менен Асанбаевдин өлүмүн бейтарап териштирип-иликтөө үчүн комиссия түзгөн.(JsA)
Дагы караңыз
ӨКМ: Бишкектеги бала бакчадагы өрт өчүрүлдүКазакстандын Чек ара кызматынын мурдагы башчысы кармалдыОрусиянын күчтөрү Украинанын эки шаарын курчоо аракетин улантты