Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:39

Орусиянын күчтөрү Украинанын эки шаарын курчоо аракетин улантты


Лисичанск шаары
Лисичанск шаары

Орусиянын күчтөрү Украинанын Северодонецк жана Лисичанск шаарларын толук багынта албай, аларды курчоого алуу аракеттерин улантты. Орус армиясы жанаша турган эки шаардан кийинки айылдарды басып алып, мындагы украин жоокерлердин борбор менен байланышын үзүүнү көздөп жатат.

Алар соңку суткада шаарлардын жакасындагы Лоскутовка жана Рай-Александровка конуштарын ээлешти. Луганск облусунун губернатору Сергей Гайдай орус аскерлери ушул тапта Волчеяровка, Лоскутовка, Золотое жана башка айылдарын алуу үчүн чабуул жасап жатат.

Улуу Британиянын Коргоо министрлиги чалгын маалыматтарына таянуу менен 23-июнда орус армиясы Лисичанскинин түштүк жагында беш чакырымга чейин алдыга жылышканын, алар көбүнчө артиллериянын күчү менен утуп жатканын маалымдады. Британ Чалгын кызматынын маалыматына караганда, украин күчтөрүнүн айрым топтору курчоодон калуудан чочулап артка чегинүүгө аргасыз болду.

Согуштук фронттун башка линияларында да кармаштар уланууда. Орус тарап Харьков, Николаев, Запорожье, Чернигов, Сумы облустарына улам-улам чабуул жасап жатса, Херсондо тараптардын күчтөрү бетме-бет кармашууда.

Украинанын президенти Владимир Зеленский соңку кайрылуусунда орус аскерлерин сүрүп чыгаруу үчүн курал-жарак өтө зарыл болуп жатканын белгилеп, Батыш өлкөлөрүнөн кайрадан суранды.

“Донбасста авиациялык жана артиллериялык соккулар күчөдү. Баскынчылардын бул багыттагы максаты өзгөрүүсүз – алар бүткүл Донбассты тыптыйпыл кылгысы келип жатат. Баарын. Лисичанск, Славянск, Краматорск – бардык шаарларды алар Мариупол сыяктуу абалга алып келгиси келет. Толук талкалагысы келет. Ошондуктан биз Украинага курал жеткирүүнү тездетүүнү кайра-кайра суранабыз. Баскынчыларды Украинанын чек арасынан сүрүп чыгаруу үчүн согуш талаасында тең салмактуулук керек болуп турат”, - деди ал.

Орусия Украинага басып кирердин алдында Луганск менен Донецкидеги жикчил “республикаларды” көз карандысыз өлкө деп тааныган. Орусия күчтөрү Украинадагы "блицкриг планы" ишке ашпай калган соң бул эки облустун администрациялык чек араларына чейин ээлеп алууну көздөп жатат.

Луганск облусунун мурдагы борбору Луганск шаарын 2014-жылы жикчилдер басып алгандан кийин Северодонецк шаары анын борбору болуп калган эле. Москва украин жергесине 24-февралда басып кирген, Северодонецк үчүн кармаштар май айынан башталды. (ErN)

XS
SM
MD
LG